Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз

Ысык-Көл облусу боюнча профсоюз кыймылынын  уюштуруучусу  Өмүрбек Молдокматовко  курска  келген мугалимдерге  КР  Ченемдик укуктук  актылары менен   билим берүү тармагындагы Борбордук, райондук, шаардык  жана баштапкы профсоюз  уюмдарынын  ишмердиктери  боюнча ар бир предметтин мугалимдерине  атайын  4 саат  убакыт бөлүнүп берилет.  Ысык-Көл областтык билим берүү институту окуу жыл ичинде   900дөн ашуун ар бир предмет боюнча мугалимдер, тарбиячылар, директорлор, директордун орун басарлары, билимин жогорулатуу курстарын  өтүшөт.

21-22- ноябрь күндөрү  билимин жогорулатуу курстарына келишкен мектепке чейинки мекемелердин  тарбиячыларына ,  информатика  сабагынын мугалимдерине  профсоюз  кыймылынын  уюштуруучусу  Өмүрбек Кыдырганович    кезектеги сабагын  өттү.

Өмүрбек агай КР Ченемдик укуктук  актыларынын структурасы Конституциясы, Кодекстер,  анын ичинен «Эмгек Кодексине» кеңир токтолот, Президенттин Указы, Жогорку Кеңештин жана  Өкмөттүн токтомдору, билим берүүгө тиешелүү мыйзамдар боюнча  жеткиликтүү түшүндүрөт. Мугалимдерибиздин көпчүлүгү КР Ченемдик укуктук  актыларынын,  билим берүү мыйзамдарын жана профсоюз комитеттери тарабынан кандай иштер аткарылып жаткандыктарын биле беришпейт. Агайга  бөлүнгөн убакытта  мугалим дерибиз көйгөйлүү болгон маселелер боюнча  суроолоруна  мыйзам чегинде так туура жоопторду ала алышат.

Райондук,  шаардык   жана Борбордук профсоюз комитеттери тарабынан билим берүү кызматкерлеринин  мыйзамдык укуктарын коргоо боюнча иштерин  мугалимдер кызыгуу менен угушат. Жалпы профсоюз комитеттеринин  «Эмгек акыны көтөрүү» боюнча республикалык нааразычылыктарды билдирүү штабынын уюшулгандыгы менен  2011-жылы  1,7-2,4 эсе көтөрүлгөндүгү,   Жети-Өгүз районунда өткөрүлгөн  митинг боюнча видио көрсөтүлөт.   2014-жылы сентябрь-октябрь айларында КР Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек  Токтогулович  Жогорку Кеңештин  билим берүү комитетинин депутаттарынын 3 жолку  кеңешмесинде  слайддын негизинде мугалимдердин эмгек акысы төмөн экендигин түшүндүрүп, эмгек акыны  көтөрүү маселеси  каралыгандыгын жана жалпы депутаттардын сессиясында каралып  2015-жылдын бюджетине мугалимдердин эмгек акысы   50% көтөрүлүшү,   Мугалимдерге категория берүүгө карата иш чаралары, санатордук-курорттук дарылануу, билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусу, жергиликтүү бийлик менен эмне себептен жааматтык келишимдер түзүлөөрү, түзүлгөн келишидердин жакшы натыйжаларын  жана башка аткарылып жаткан иштерди проектор аркылуу тастыктоо  иш кагаздарын көрсөтүү менен  кеңир  айтып берет.

Курска келген мугалидердин көйгөйлүү болгон  иш сапар чыгымдары  өз убагында төлөнүлбөй жатканы боюнча  Борбордук профсоюз комитетинин министрликке жолдогон каттары, алынган жооптору да  проектор аркылуу көрсөтүлдү. Ысык-Көл облусту боюнча 2018-жылдын ноябрь айына карата   5 миллион  сомдун тегерегинде КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан төлөнүлбөй жаткандыгын айтты.

Мугалимдер билимин жогорулатуу курсун  жыйынтыктоодо ар бир лекция окуган адистерге анкета аркылуу  баа беришет.  Анкета аркылуу  баалоодо   Өмүрбек Кыдыргановичке  баардык мугалимдер        5 деген гана бааны беришет.

Жогорудагыдай  билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык  укуктарын коргоодогу  эмгектери,  мыйзамдык актыларды мугалимдерге түшүндүрүүдөгү иштери  үчүн Асылбек Токтогулович жетектеген  жалпы  профсоюз  кызматкерлерине  Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун жана  билимин жогорулатууга келген мугалимдердин атынан  ыраазычылыктарды   билдирип, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

 

Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директору,                                                                    

Облустук билим берүү мекемелеринин координатору:                                            К.ШАРИПОВ