Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

№15 - орто мектебинде балдар үчүн ысык тамак уюштурулду

№15 - орто мектебинде балдар үчүн ысык тамак уюштурулду

Каракол шаарындагы №15 мектепте үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрынан баштап 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берилип баштады. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду аркылуу ашкананын ремонтуна 468450 (төрт жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз элүү ) сом акча каражаты берилген. Ысык тамак уюштурууга өзүнчө класс бөлүнүп, ашканага ылайыктап кайра жасалды. 2017-жылдын 2-октябрындагы фонд тарабынан өткөрүлгөн тендердин натыйжасында “Эркин Тоо Сервис” ЖЧК 443136,0 сомго утуп, толук ремонт жасалып, 751800 сомго ашкананы тиешелүү жабдуулар менен жабдыды. Мындан сырткары ата-энелердин жардамы менен 86650 сомго идиш-аяк сатылып алынды.

 27.11.2018      599       Кесиптик бирлик региондордо

“ЖАРАТМАН” ЖЕТИ ЖАШТА

“ЖАРАТМАН” ЖЕТИ ЖАШТА

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Оштогу чыгармачыл, активист жаштардын башын бириктирип, иш алып барып жаткан “Жаратман” чыгармачылык борборунун 7 жылдык отчеттук кечеси болуп өттү. Иш чара үч бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө Оштогу жаш чыгармачыл топтор ортосунда “Жаратман жети жашта” аттуу спорттук мелдеш уюштурулса, экинчи бөлүгүндө жети жашка толуп отурган борбордун алдындагы “Тирек” кол өнөрчүлөр клубунун көргөзмөсү коюлду. Ал эми үчүнчү бөлүмү салтанаттуу түрдө окуу жайдын чоң залында жетекчиликтин, коноктордун, өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөрүлүп, анда чыгармачыл топтун “Жети жылда жети багыт” аттуу отчету, өнөктөштөрдү сыйлоо аземи жана уюштуруу тобунун майрамдык концерти тартууланды.

 27.11.2018      628       Кесиптик бирлик региондордо

Гражданин Вселенной – Ч. Айтматов

                                              Гражданин Вселенной – Ч. Айтматов

23 ноября 2018 года кафедрой мировых языков был организован литературно-поэтический вечер, посвященный 90-летию со дня рождения Ч.Т. Айтматова «Гражданин Вселенной – Ч. Айтматов». На вечер были приглашены ректорат ОГПИ, Генеральное консульство РФ в г. Ош, Российский центр науки и культуры, директор центра «Русский мир», преподаватели ОшГУ.

 27.11.2018      769       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш өттү

ОГПИде чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, окуу жайдын алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун 7 жылдык мааракелик-кечесине карата Ош шаарындагы жаш чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Иш чара институттун жаштар комитети жана “Жаратман” ЧБу тарабынан спорт аркылуу достукту бекемдөө максатында уюштурулуп, ага “Достук” жана “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун, Жаш таланттар мектебинин, ОшМунун студенттик “Нур” гезитинин жана акыйкатчы апаратынын курама командалары катышышты.

 27.11.2018      696       Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы бала бакча

Жаӊы бала бакча

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айыл аймагында жаӊы бала бакча ачылды. Жаӊы бала бакчанын ачылуу аземине Талас облустук ыйгарым өкүлчүлүгүнүн губернатору Мураталиев Марат Молдонович, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Сыдыкназаров Барат Жалалбекович, Бакай-Ата районунун акими Торокулов Чолпон Асылбекович катышышты. Бала бакчанын ачылышына Бакыян айлынын эр азаматтары да зор салымын кошушту.

 26.11.2018      1053       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция Ак-Булак орто мектебинде

Лейлек районунун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция  Ак-Булак орто мектебинде

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө карашту “Ак-Булак” орто мектебинде 2018-жылдын 19-ноябрь күнү райондун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция өткөрүлдү. Конференцияда Лейлек районунун, Ак-Булак айылынын келип чыгышы тууралуу сөз болуп, райондун, айылдын атактуу инсандары, алардын эл жерине кылган эмгектери, Улуу Ата-Мекендин согушунун ардагерлери жөнүндө маалымат алмашуу болду жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, Кыргыз элинин, жергиликтүү тургундардын каада салттарын, үрп-адаттарын чагылыштырган сценкалар коюлду.

 26.11.2018      668       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун бала бакчаларында күз майрамы

Лейлек районунун бала бакчаларында күз майрамы

2018-жылдын ноябрь айында Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде күз майрамына карата ар кандай темадагы иш чаралар өтүүдө. Алсак, Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу “Алтын-Балалык” балдар бакчасында “Төгөрөгү төп келген төрт кыз” атуу тайпалар арасында кыздардын таймашы болуп, “Талимтай ” программасына тарбиялануучулардын ата-энелери да катыша алышты. Ошондой эле, Лейлек айыл аймагына караштуу “Эл нуру” балдар бакчасында “Күз ханышасы” аттуу конкурс ата-энелер менен биргеликте жогорку деңгээлде өттүү.

 26.11.2018      792       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз

Профсоюз кызматкерлерине  ыраазычылык билдиребиз

Ысык-Көл облусу боюнча профсоюз кыймылынын уюштуруучусу Өмүрбек Молдокматовко курска келген мугалимдерге КР Ченемдик укуктук актылары менен билим берүү тармагындагы Борбордук, райондук, шаардык жана баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердиктери боюнча ар бир предметтин мугалимдерине атайын 4 саат убакыт бөлүнүп берилет. Ысык-Көл областтык билим берүү институту окуу жыл ичинде 900дөн ашуун ар бир предмет боюнча мугалимдер, тарбиячылар, директорлор, директордун орун басарлары, билимин жогорулатуу курстарын өтүшөт.

 23.11.2018      728       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси өлкө башчы С. Жээнбековдун катышуусунда өттү

Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси өлкө башчы  С. Жээнбековдун катышуусунда өттү

2018-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Бишкекте Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси болуп өттү. Аталган конгресс, жаштарды мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу жана калыптандырууга тартуу максатында эки жылда бир өткөрүлөт. Жаштардын республикалык конгресси Кыргызстан жаштар уюмдарынын жана жаштардын укуктуу өкүлдөрүнүн конгресси эсептелет. Конгресске Ноокен районунун жаштарынын атынан жана Ноокен райКБКнын алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасы жана Обкомдун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келди.

 23.11.2018      869       Кесиптик бирлик региондордо

АЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ

АЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ

Cүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин адеп мугалими Кудайбердиева Гулзат мектеп окуучулары менен биргеликте "Эне тил жана Айтматов" аттуу үч айлыктын алкагында уюштурган. "Биз Айтматовдун чыгармаларынын таасири менен келечекке умтулабыз!" - деген темада адабий-музыкалык кече өттү. Кеченин максаты: 1.Эне тилди даңазалоо, кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын сактоого тарбиялоо;

 23.11.2018      848       Кесиптик бирлик региондордо

Студенттик "АКЫЛ ОРДО"

Студенттик

21-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер ортосунда студенттердин “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш чара окуу жайда өтүп жаткан Айтматовдун 90 жылдыгына карата үч айлык иш пландын алкагында окуу жайдын жаштар комитети жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду. Мында факультеттерден түзүлүп чыккан командалар жалаң Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармалары боюнча суроолор камтылган мелдеште өздөрүнүн билимин сынашты.

 23.11.2018      835       Кесиптик бирлик региондордо