Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ

Cүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин адеп мугалими Кудайбердиева Гулзат мектеп окуучулары менен биргеликте "Эне тил жана Айтматов" аттуу үч айлыктын алкагында уюштурган. "Биз Айтматовдун чыгармаларынын таасири менен келечекке умтулабыз!" - деген темада адабий-музыкалык кече өттү.

Кеченин максаты:

1.Эне тилди даңазалоо, кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын сактоого тарбиялоо;

2.Окуучунун келечекте мыкты инсан болуп жетилишине Айтматовдун чыгармаларынын таасири абдан зор экендигине ынандыруу.

Кечеде окуучулар өздөрүнүн жүндөмүн, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар кыргыз тилинин кымбаттыгын, залкар жазуучунун улуулугун дагы бир жолу далилдей алышты. Бул да болсо жагымдуу көрүнүш. Биз ар дайым тилибизди барктап, өлкөбүздүн улуу инсандары менен сыймыктанып жүрүүгө милдеттүүбүз.

 

Билим берүүнүн мыктысы, кыргыз тили жана адабият мугалими, И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин директору Мажитова Гулсана Эралиевна 7-класстын окуучулары менен биргеликте, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Айтматовдун ааламы" - деген темада тарбиялык ачык сабак өттү. Сабак жогорку деӊгээлде уюштурулуп, окуучулардын Айтматовдун ааламына сунгуп кирүүсүнө чоӊ оболго болду. Бул да болсо эжекейдин талыкпаган эмгегинин натыйжасы. Ошондой эле жалпы класс арасында Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу боюнча сынак болуп, эӊ алдыӊкылар аныкталды. Бул эӊ жакшы жышаан. Эжекейдин окуучулардын жаркын келечеги үчүн жасаган эмгегине, аларга берген тереӊ билимине ыраазычылык билдирип, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

 

Сүлүктү шаардык профсоюз комитети