Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Окуучу коомдун манилуу аманаты"

19-ноябрда Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде  "Окуучу коомдун манилуу аманаты" деген темада дебат өткөрүлдү. Бул тууралуу Чаткал райБББдан билдиришти.
Маалым болгондой, дебатка Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Жайнагүл Осмонова, РИИБ башчысынын орунбасары Атаканов Замирбек жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкери Жапарбек уулу Аскатбек, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев жана райБББнын кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.
Дебаттын жүрүшүндө дебаттын негизги темасы болгон окуучулар арасындагы кылмыштуулук боюнча кеңири талкуу жүрдү жана тийиштүү кызматкерлерге окуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жоопторду ала алышты.
Иш чара мектептин соцпедагогу Т. Тагаева тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.