Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке белек

2018-жылдын 7-ноябрь күнү Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылындагы Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде чоӊ салтанат болуп өттү.

Себеби ушул мектепти мындан 20-жыл мурун 1998-жылы 10-классты аяктаган окуучулардын демилгеси менен 1млн.800мин сомдук кичи футбол аянтчасы курулуп бүткөрүлүп, Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебине белек катары берилди. Футбол аянтчасынын курулушун толук 20-жылдык бүтүрүүчүлөрү колдоруна алышты.

Футбол аянтчасынын 1млн.сомун 1998-жылкы бүтүрүүчүлөр, 800миӊ сомун Ак-Жар айыл өкмөтү тарабынан каржыланды.

Мындан ары мектеп окуучулары, айылдын тургундары машыгууларды өткөрүп турушмакчы.

Футболдук аянтчанын ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин депутаттары Алмаз Баатырбеков, Жылдыз Мусабекова,  К.О.Нарын облусунун ыйгарым окулу Аманбай Кайыпов, райондун жетекчилери, чакырылган меймандар, айыл тургундары, мектеп жамааты ж.о.э мектеп окуучулары катышышты.

Кичи футбол аянтчасына 1998-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн классташы көзү өтүп кеткен Турганаалы уулу Нурматтын ысымы берилди. Салтанат окуучулардын чакан концерти менен аяктады.

 

 

Материалды даярдаган Керималиев Келдибек