Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Студенттик "АКЫЛ ОРДО"

21-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер ортосунда студенттердин  “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Иш чара окуу жайда өтүп жаткан Айтматовдун 90 жылдыгына карата үч айлык иш пландын алкагында окуу жайдын жаштар комитети жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду. Мында факультеттерден түзүлүп чыккан командалар жалаң Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармалары боюнча суроолор камтылган мелдеште өздөрүнүн билимин сынашты.

Оюнга жалпысынан алты команда катышып  жобого ылайык үч турдун негизинде таймашуу менен жыйынтыгын байгелүү 3-орунду Кыргы-Россия факультети, 2-орунду Колледждин студенттери ал эми башкы 1-орунду Табият таануу жана география факультети ээлеп, жеңүүчүлөргө уюштуруу тобунун сыйлыктары, диплом жана китептер тапшырылды.

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу