Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде билим берүү кызматкерлеринин арасында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кароо – сынак өттү

2018-жылдын 1-декабрь күнү  Масы айылындагы №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинде “Ноокен менен Чыңгызыма 90 жыл” аттуу билим берүү кызматкерлеринин арасында кароо-сынактын райондук түрү өткөрүлдү.

Кароо-сынактын  негизги максаты кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кеңери маалымдоо, Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу жаштарды жаратылышты сүйүүгө жана коргоого, патриоттуулука тарбиялоо болуп саналат.                                                                                     

Иш-чарага Ноокен райБББнүн башчысы Б.Козуев, Ноокен райКБКнын төрагасы К.Нышанов, “Ноокен жаңырыгы” газетасынын редактору Б. Райимбековалар катышышты.

Кароо-сынакка Арал, Ноокен, Момбеков, Кочкор-Ата, Бүргөндү жана Достук айыл аймактарынын билим берүү мекемелери команда болуп катышышты. Командалар саламдашуу, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахна көрүнүштөрү, улуттук бий, обондуу ыр жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтуу шарттары боюнча күч сынашышты.

Жыйынтыгында I орун Достук айыл аймагынын командасы; II орун Кочкор-Ата шаары,  III орун Момбеков айыл аймагынын командасы деп табылды. Андан сырткары “Мыкты монолог” номинациясына Арал айыл аймагы, “Мыкты улуттук бий” Ноокен айыл аймагы жана “Мыкты сахна көрүнүшү” номинациясына Бүргөндү айыл аймагынын командасы ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө Ноокен райБББнүн жана Ноокен райКБКнын ардак грамоталары, баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

Материалды даярдаган

Ноокен рай КБКнын инспектору

 Т. Бакиров