Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз СПИДге каршыбыз!

Учурда ВИЧ/СПИД бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу проблемасы болуп саналат. Ал адамзаттын өнүгүшүнө жана  коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө.

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ноокен районунун  мектептеринде “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Мектеп окуучулары тарабынан дубал  газеталар чыгарылып, тарбиялык маанидеги көрүнүштөр аткарылды.

Андан сырткары № 6 “Арал” атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынын жөө жүрүш уюштурулду.

Иш-чараларга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн Жаштар Кеңешинин мүчөлөрү катышып, окуучуларга слайддар жана докладдар менен түшундүрүү иштерин жүргүзүштү.

Активдүү катышкан окуучуларга кызыктыруучу белектер жана дипломдор тапшырылды.

 

 

 

Материалды даярдаган:

 Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров