Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Роза Айтматова - ЖАМУда

ЖАМУнун структуралык бөлүмдөрүндө жыл башынан бери эле  залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ачык сабактар, көргөзмөлөр, диспуттар, тегерек столдор, чыгармаларынан  сахналаштырылган көрүнүштөр жана башка иш чаралар конкурстук негизде байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Жакында мындай иш чараларды жыйынтыктоочу өңүттө  илимий конференция өткөрүлдү. Ага  жазуучунун  бир тууганы  Роза Айтматова баштаган  илимпоздор катышышты. Конференцияда Роза Айтматова, агасынын өмүр жолунан өтө мазмундуу, угуучулардын  жашы-карысы дебей таасирлене тургандай, тарбиялык мааниси чоң,  баян жасады. Эженин коңур тарткан үнү деле, Чыңгыз аганын өзү аралап жүргөндөй сезим жаратты. Конференцияда жеңүүчүлөр сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты. Конкурста мыкты деп табылган номерлерден түзүлгөн концерттик программа залды шаңга бөлөп, көңүлдүү маанйда  конференция өз ишин аяктады.

ЖАМУдагы Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган илимий конференция

 

 

                                                                                                                                              Даярдаган:  Н.Д.Баитова

                                                                                                                                    Жалал-Абад шаары. 2018-жыл