Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган иш чара

30-ноябрда Чаткал районунун борборундагы  Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук билим берүү бөлүмү жана райондогу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган " Кырк миң жыл өтсө дагы унутулгус, кыргыздын кыраан уулу-улуу Чыңгыз " аттуу маданий-массалык иш чара болду. Бул тууралуу Чаткал райБББдан билдиришти.
  Маалыматка караганда, иш чаранын алкагында мектеп мугалимдери тарабынан улуу жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр аткарылып, обондуу ырлар ырдалып, көркөм ырлар окулуп, мектеп окүучулары тарабынан тартылган видеороликтер көрсөтүлдү.Иш чаранын жүрүшүндө мугалимдер Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын ролдорун ийине жеткире аткарышып, мугалимдер арасында актерлук чеберчилиги жогору кызматкерлер көп экендигин айгинелешти.
Ал эми, бала бакчалар тарабынан улуу жазуучунун чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
   Иш чара соңунда, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов, райондогу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев жана район прокурору Насирдин Бообеков тарабынан "Ардак Грамоталар " жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 
     Иш чарага райондогу жалпы он тогуз мектептин он экисинен келген мугалимдер катышты.