Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелер СПИДке каршы күрөшүү иш чараларын өткөрдү

Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүүнү өткөрүүнүн алкагында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө  караштуу мектептерде 2018-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык жарыяланды жана 1-декабрь күнү Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнү өткөрүлдү. ВИЧ инфекциясын алдын алуу багытында иштеп жаткан өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен мектептерде аталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ар кандай иш чаралар: спорттук мелдештер, конкурстар, диспуттар, сүрөт көргөзмөлөрү, “Биз СПИД оорусуна  каршыбыз ”  аттуу темадагы акциялар, жолугушуулар өткөрүлдү.

Алсак, “Кыргызстандын 40 жылдыгы” орто мектебинде “Уулдун ден-соолугу - улуттун ден-соолугу, кыздын ден-соолугу - кыргыздын ден-соолугу”, “Ысык-Көл” орто мектебинде “СПИД  XXI кылымдын чумасы”, А.Файзиев атындагы орто мектебинде “Наркомания жана СПИД”, Б.Саттаркулов атындагы орто мектебинде “Жаша жана башкаларга жашоо бер”, “Эртеңки келечек өзүбүздүн колубузда”, А.Навой атындагы орто мектебинде “Биз СПИДке каршыбыз”, “Достук” орто мектебинде “Сергек жашоонун образы”, О.Сапаров атындагы орто мектебинде “Дени сак улут- күчтүү мамлекет” аттуу темаларды камтыган ар кандай иш чаралар болуп өтүп,  5-9-класстардын окуучулары жат жазууларды жазышты. Ошондой эле, “Дүйнө эли СПИДке каршы” темасындагы сүрөт сынактары өттү.

Жыйынтыгында окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучулар СПИДке каршы күрөшүү боюнча кеңири маалымат ала алышты.

 

 

Маалыматты даярдаган Марина Сагалиева