Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз - мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыгын коргойт

ЖАМУда бүгүн  10-декабрь - Адам укугун коргоонун Эл аралык күнүнө карата   “Эконмика-юридикалык” факультеттин  баштапкы профсоюз уюму менен “Укук таануу” кафедрасынын кызматкерлери биргелешип уюштурган облустук деңгээлдеги семинар-конференция  өттү. Иш чарага КРнын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Токтобаев, Жалал-Абад шаарынын прокурорунун орун басары, юстициянын III класстагы кеңешчиси М.Ш Осмонов, Жалал-Абад шаарынын адвокатура коллегиясынын төрагасы Ш.Т.Сопубеков жана башка укук коргоо кызматкерлери , ЖАМУнун проффессордук-окутуучулук курамы, профсоюз лидерлери, студенттер катышышты. Иш чарада укук корноо кызматкерлери жана “Юриспруденция” багытында билим алып жаткан студкнттер тарабынан даярдалган  “Адамдын эркиндиги  негизги мыйзамда”, “Адам укуктары студенттердин көзү менен”, “Адамдын укуктары дана эркиндиктери” деген темаларда баяндамалар жасалып, студенттер тарабынан даярдалган төрт тайпанын видио тасмалары көрсөтүлүп, суроо жооптор менен коштолгон кызуу талкуулоолор болду. Мындай иш чарадан катышуучулар 1945-жылы БУУнун түзүлүшү, 1948-жылы “Жалпы адам укуктарынын декларациясынын” кабыл алынышы, адам укуктарын коргоонун Эл аралык күнүнүн 1950-жылдан бери белгиленип келе жатышы, Кыргызстан 1992-жылдан бери БУУда мүчө экендиги, ал эми 1994-жылы жарандык жана саясий укуктун Эл аралык пактысына кол койгондугу сыяктуу тарыхый жана  укуктук мазмундагы маанилүү маалыматтарды алышты жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Даярдаган:Н.Баитова