Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Эне тил жана Айтматов”

“Эне тил жана  Айтматов”

Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч айлык жарыяланып, иш чара кабыл алынган. Иш чаранын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдери жана окуучулары арасында “Эне тил жана Айматов” деген темада кароо-сынактар уюштурулган. Иш чараны өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеринде көрүп, кароо-сынактын жыйынтыгы райондук маданият

 12.12.2018      612       Кесиптик бирлик региондордо

Учурдун улуу педагогдорунан болочок педагогдорго

Учурдун улуу педагогдорунан болочок педагогдорго

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда улуу педагогдор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору А.Алимбеков жана Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиянын директору, энелер мектебинин негиздөөчүсү Г.Мадаминов институттун окутуучуларына жана студенттерине семинар өтүштү.

 12.12.2018      971       Кесиптик бирлик региондордо

Ошто педагогдордун отуруму болду

Ошто педагогдордун отуруму болду

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Кыргыз коому жана балдар” аттуу теманын алкагында “Педагогикалык ой ордонун” төртүнчү отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычы уулу билдирет. Аталган иш чара кыргыз коомундагы балдарды өнүктүрүү, окутуу жана тарбиялоо көйгөйлөрү жөнүндө тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн ойлору менен бирге, коомдук пикирди ортого алып чыгуу максатында Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Кыргызстан педагогдор коому” коомдук бирикмеси жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан уюштурулду.

 12.12.2018      549       Кесиптик бирлик региондордо

Мектептер арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Базар-Коргон райондук Маданият үйүндө иш-чара болуп өттү

Мектептер арасында  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Базар-Коргон райондук   Маданият үйүндө иш-чара  болуп өттү

Базар-Коргон районунда Билим берүү тармагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук денгээлде 65 мектеп жана 38 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бир жылдык жыйынтыктоочу иш чарасы өткөрүлдү. Маданият үйүнүн фоесинде Ч. Айтматовдун чыгармаларынан көргөзмө уюштурулду, баннерлер, стенддер коюлду.

 12.12.2018      638       Кесиптик бирлик региондордо

Премьер-министрдин М.Абылгазиев Базар-Коргон районундагы мектептердин абалы менен таанышты

Премьер-министрдин М.Абылгазиев Базар-Коргон районундагы  мектептердин  абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер- министр Мухамедкалый Абылгазиев, Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана Илим министри Г.Кудайбердиева, Жогорку кенештин депутаты С.Нышанов, Жалал-Абад областынын ыйгарым өкүлүнүн башчысы К.Сатыбалдиев , Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Бегимкулов, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Бурканов жана айыл өкмөтүнүн башчылары, мекеме-уюмдун жетекчилери 2018-жылдын 7-декабрь күнү Жалал-Абад

 12.12.2018      727       Кесиптик бирлик региондордо

Ч.Айтматовдун чыгармалары – болочок ак халатчандардын сезиминде

Ч.Айтматовдун чыгармалары – болочок ак  халатчандардын сезиминде

Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата өткөзүлүп жаткан иш чаралардын алкагында ЖАМУнун медицина факультетинин баштапкы профсоюз уюму жана «Фармация» кафедрасынын жамаатынын уюштуруусу менен “Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларына саякат” деген аталышта илимий - практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын башталышында, факультеттин студенттери тарабынан даярдалган,

 11.12.2018      758       Кесиптик бирлик региондордо

Айтматов ааламындагы сыйкырдуу дүйнө

 Айтматов ааламындагы сыйкырдуу дүйнө

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринде жана бала бакчаларында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар кызуу өткөрүлуүдө. Атай кетсек 2018-жылдын 7-декабрында №4 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде облустук семинар болуп, Жалал-Абад облустук усулдук борбордон Ж.Жолдошева, облустун аймактарынан өкүлдөр,мектеп директору жана ьаш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиев, шаардык кеңештин төрагасы С.Сансызбаев, ШБББнүн жетектөөчү адистери, ШБББнүн окуу-тарбия иштери боюнча инспектору Г.Эргешова да катышып күбө болушту.

 11.12.2018      578       Кесиптик бирлик региондордо

Көркөм окуу жана поэзия кечеси болду

Көркөм окуу жана поэзия кечеси болду

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук “Жан дүйнө” көркөм окуу жана поэзия кечеси болду. Кечени алгач райондук мамлекеттик администрация башчычысынын орунбасары Үсенбаева Калчабүбү Сатимбаева ачып кеченин катышуучуларына ийгиликтерди калоо менен бирге Ч.Айтматовдун кыргыз элине жараткан чыгармаларынан айтып, тарбиялык жактарына кеӊири токтолуп өттү.

 11.12.2018      751       Кесиптик бирлик региондордо

“Көп окуган көптү билет”

“Көп окуган көптү билет”

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Максат орто мектебинде үстүбүздөгү жылдын 4-декабрь күнү кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2-класстын окуучулары жана ата-энелери катышкан “Көп окуган көптү билет” атту конкурсу болуп өттү. Иш чаранын максаты окуучуларды Ч.Айтматов менен жакындан тааныштыруу, мектеп менен ата-энелердин ортосундагы байланышты күчөтүү жана ата-энелердин окуу процессине катышуусун күчөтүү. Ошондой эле, окуучулардын окуп түшүнүү көндүмдөрүн жогорулатуу, окуучулар менен ата-энелердин биргелешип китеп окуу маданиятын алдыга жылдыруу болуп саналат.

 11.12.2018      743       Кесиптик бирлик региондордо

“Энелер мектеби” семинар тренинг болуп өттү

“Энелер мектеби”   семинар  тренинг  болуп  өттү

Кадамжай районунун А.Орозбеков айылына караштуу “С.Тешеев” атындагы орто мектебинде Гапыр Мадеиновдун демилгеси менен “Энелер мектеби” семинар тренинг болуп өттү. Семинар жалпысынан 350дөн ашуун адамдын катышуусунда, алардын ичинен билим берүү бөлүмүнүн методисти Кожонова А., мектеп башчылары жана ата-энелер катышты. Семинардын негизги максаты энелердин балдарга болгон көз карашын билүү, кантип тарбиялоо керек жана жүрүш турушун

 11.12.2018      858       Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинен мугалимдердин коммуналдык чыгымдарына кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди

Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинен мугалимдердин коммуналдык чыгымдарына кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди

Мугалимдердин социалдык, экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын колдоо максатында Каракол шаардык профсоюз комитети, шаардын мэри, билим берүү бөлүмү менен 2018-2021-жылдарга түзүлгөн макулдашуудагы үч тараптуу келишимдин пункттарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”, “Социалдык кызматташтык жөнүндөгү” жана “Эмгекти коргоо жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алуу менен жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер өз жыйынтыгын берүүдө. Атап айтканда 2017-жылы коммуналдык төлөмгө жардам катары 750 миң сом бөлүнүп берилсе, 2018-жылга 1млн. 50 миң сом бөлүнүп, мугалимдердин тизмеги такталып алардын электр энергиясына кеткен чыгымдары үчүн Каракол шаардык РЭСке которулду. Мугалимдердин жайкы эс алуусуна жыл сайын 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, шаардын мугалимдери Түп районундагы “Маяк” эс алуу жайында 55 мугалим көлгө түшүп, эс алышты.

 11.12.2018      622       Кесиптик бирлик региондордо