Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Премьер-министрдин М.Абылгазиев Базар-Коргон районундагы мектептердин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын  Премьер- министр  Мухамедкалый  Абылгазиев, Кыргыз Респуликасынын  Билим берүү жана Илим министри  Г.Кудайбердиева, Жогорку кенештин депутаты  С.Нышанов, Жалал-Абад областынын ыйгарым өкүлүнүн башчысы К.Сатыбалдиев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Бегимкулов, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Бурканов  жана айыл өкмөтүнүн башчылары, мекеме-уюмдун жетекчилери   2018-жылдын   7-декабрь күнү Жалал-Абад областында, Базар-Коргон районуна караштуу  Авариялык абалдагы тоо арасында жайгашкан шарты оор, мектептерде болду.  Талды-Булак айыл өкмөтүндө жайгашкан    №27 Рыскул Чойбеков  атындагы орто мектеп  жана Арсланбап айыл өкмөтүнө караштуу   №29 А.Монокбаев атындагы орто мектеп.

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев  эки мектептин абалы, шарты менен жакындан таанышып  жаны мектептин курулушуна жардам беришин айтты.

Материалды даярдаган :

Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин 

райондук профсоюз комитетинин  төрагасы  С.Жаркымбаев