Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Учурдун улуу педагогдорунан болочок педагогдорго

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда улуу педагогдор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору А.Алимбеков жана Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиянын директору, энелер мектебинин негиздөөчүсү Г.Мадаминов институттун окутуучуларына жана студенттерине  семинар өтүштү.

Семинардын жүрүшүндө коноктор, кесиптердин улугу болгон мугалимдик кесиптин учурдагы абалы, актуалдуулугу, коомду жок кылуу да, гүлдөтүү да мугалимдин колунда болоору жана ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу кесип  экендиги тууралуу сөз кылышып, өздөрүнүн асыл ойлорун студенттер менен бөлүшүштү. Мындан тышкары Г.Мадаминов өзүнүн агартуу тармагындагы эмгектери болгон “Ой өрүшүнүн кругозору”, “Акыл эмгегинин маданияты” жана “Ата-энелер, силер үчүн” атту автордук китептерине токтолуп, ар биринин ички маанилерин ачыктады.

Семинар суроо-жооп менен коштолуп, студенттер бир нече суроолоруна таасирдүү жоопторду ала алышты.

Даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу