Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Эне тил жана Айтматов”

Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына  карата Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч  айлык жарыяланып, иш чара кабыл алынган.  Иш чаранын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдери жана окуучулары арасында “Эне тил жана Айматов”  деген темада кароо-сынактар уюштурулган. Иш чараны өткөрүү боюнча  атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеринде көрүп, кароо-сынактын жыйынтыгы райондук  маданият үйүндө 8-декабрь күнү жыйынтыкталды.   Иш чаранын жыйынтыгына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Кожошов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б..Иманбердиев, айыл округ башчылары, мекеме жетекчилери жана ройондун тургундары катышты. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Кожошов Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына  карата “Эне тил жана  Айтматов” деген темада өткөрүлгөн кароо-сынактын катышуучуларын куттуктап, иш чара жогорку денгээлде уюштурулуп өткөрүлгөндүгүн белгилеп өттү. Жыйынтыгында кароо-сынакты женүүчүлөрүнө райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн,  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды. Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына  карата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч  айлыктын өткөрүлүшү боюнча айыл округ башчылары жана райондун тургундары каалоолорун айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети