Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көркөм окуу жана поэзия кечеси болду

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук “Жан дүйнө” көркөм окуу жана поэзия кечеси болду.

Кечени алгач райондук мамлекеттик администрация башчычысынын орунбасары Үсенбаева Калчабүбү Сатимбаева ачып кеченин катышуучуларына ийгиликтерди калоо менен бирге Ч.Айтматовдун кыргыз элине жараткан чыгармаларынан айтып, тарбиялык жактарына кеӊири токтолуп өттү.

Андан кийин билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова да жер жерлерде Залкар жазуучунун 90 жылдык маарекесине арналган иш чаралардын болуп жаткандыгына токтолуп калыстар тобунун ишине тактыкты каалап кетти.

Кечеге катышкан мугалим окуучулар өздөрүнүн даярдуктарын жогорку деӊгээлде экендигин көрсөтө алышты. Катышуучулар Ч.Айтматовго арнаган өздөрүнүн ырларын да көркөм окуп беришти. Төрт саатка созулган убактын ичинде 51 катышуучуга мамлекеттик администрация тарабынан кофе – брейк ошондой эле түштөнүүгө ысык тамак берилди.

Жыйынтыгында калыстар тобунун төрагасы райондук гезиттин башкы редактору Камбарбеков Камчибек агай айрыкча окуучулардын китеп окуусун колга алууну. Улуу кыргыз элинин тилинин тарыхы жөнүндө токтолуп толкундануу менен өзү да бир топ ырларды көркөм окуп берип, негизи кеченин катышуучуларынын дярдыктары жакшы экендигин баалап бардык катышуучуларга дипломдорду жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.

Уюштуруу тобу.