Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ошто педагогдордун отуруму болду

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Кыргыз коому жана балдар” аттуу теманын алкагында “Педагогикалык ой ордонун”  төртүнчү отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычы уулу билдирет.

Аталган иш чара кыргыз коомундагы балдарды өнүктүрүү, окутуу жана тарбиялоо көйгөйлөрү жөнүндө тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн ойлору менен бирге, коомдук пикирди  ортого алып чыгуу максатында Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Кыргызстан педагогдор коому” коомдук бирикмеси жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан уюштурулду.

Ой ордого ОГПИнин ректору, п.и.к., профессор Б.Зулуев,  п.и.д., профессор А.Алимбеков, КРдин эмгек сиңирген мугалими, т.и.д., профессор Б.Нурунбетов, энелер мектебинин негиздөөчүсү, п.и.к. Г.Мадаминов, “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, п.и.к., доцент К.Акматовдор баштаган  белгилүү педагогдор жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, бейөкмөт уюмдардан, балдарды коргоо борборлорунан, билим берүү мекемелеринен атайын өкүлдөр катышышып, өздөрүнүн таасирдүү ойлору менен бөлүшүштү.

Отурумда жалпысынан таалим-тарбия ишиндеги маселелер, канткенде биз туура тарбия бере алабыз?, билим берүү менен тарбиянын айкалышы кандай?, ата-энелер жана мугалимдер эмнелерге көнүл буруусу керек, балага негизге таасир берүүчү чөйрөнүн абалы кандай? деген сыяктуу суроолордун үстүндө кызуу талкуу жүрүп, тажрыйбалуу адистер тарабынан тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бир нече сунуш,  пикирлер айтылып өттү.

Эскерте кетсек аталган ой ордонун уюштурулушу “Кыргызстан педагогдор коому” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, соңку жылдарда педагогикалык багытта актуалдуу маселелердин үстүндө олуттуу иштер жүргузулуп келүүдө. Анын алкагында буга чейинки үч отурум Бишкекте уюштурулуп, коомдук талкууда жаралган бир нече маанилүү ой-пикир сунуштар, тиешелүү жетекчиликтерге айтылып, аларды чечүүг жетиштүү аракеттер жүрүп жатат. Педагогикалык ой ордонун алдыдагы отурумдары эми аймактарда уюштуруу пландалууда.

Кубаныч Жылкычы уулу