Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Көп окуган көптү билет”

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу  Максат орто мектебинде үстүбүздөгү жылдын 4-декабрь күнү  кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2-класстын окуучулары жана ата-энелери  катышкан “Көп окуган көптү билет” атту конкурсу болуп өттү.

Иш чаранын максаты окуучуларды Ч.Айтматов менен жакындан тааныштыруу, мектеп менен ата-энелердин ортосундагы байланышты күчөтүү жана ата-энелердин окуу процессине катышуусун күчөтүү. Ошондой эле, окуучулардын окуп түшүнүү көндүмдөрүн жогорулатуу, окуучулар менен ата-энелердин биргелешип китеп окуу маданиятын алдыга жылдыруу болуп саналат.

Окуучулардын ата-энелери  иш чаранын максатын жана “Айтматовду окуйбуз”  долбоорун ишке ашырып,  балдарга Ч.Айтматовдун чыгармаларынан  окуп беришти.

Мындай иш чаралар окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин ортосундагы байланышты бекемдейт.

 

 

Даярдаган Марина Сагалиева