Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ч.Айтматовдун чыгармалары – болочок ак халатчандардын сезиминде

Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата өткөзүлүп жаткан иш чаралардын алкагында ЖАМУнун медицина факультетинин баштапкы профсоюз уюму жана  «Фармация» кафедрасынын жамаатынын уюштуруусу менен “Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларына саякат” деген аталышта илимий - практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын башталышында, факультеттин студенттери тарабынан даярдалган,  Ч.Айтматовдун өмүр жолу жөнүндө видио баян көрсөтүлүп, кыргыз жана англис тилинде “Ч.Айтматовдун чыгармаларынын азыркы мезгилдеги орду” деген темада доклад жасалып, орус тиинде чыгармалардан үзүндүлөр, атайын жазылган ырлар көркөм окулду.

“Кылым карытаар бир күн”, “Биринчи мугалим” чыгармалары боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Студенттердин даярдаган стенддери, алардын  кол менен тарткан сүрөттөрү катышуучулардын көңүлүн өзүнө буруп турду. Жалпы катышуучулар менен Ч.Айтматовдун каармандары жөнүндө суроо жооптор болуп, студенттердин кызыктуу жооптору талкууланды. Конференциянын активдүү катышуучулары университеттин жетекчилиги жана профсоюздук комитети тарабынан дипломдор менен сыйланышты.

Даярдаган: Н.Баитова 

11.12.2018-ж.