Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептер арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Базар-Коргон райондук Маданият үйүндө иш-чара болуп өттү

Базар-Коргон районунда  Билим  берүү тармагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  райондук денгээлде  65 мектеп  жана 38 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин   бир жылдык жыйынтыктоочу иш чарасы өткөрүлдү. Маданият үйүнүн фоесинде  Ч. Айтматовдун чыгармаларынан  көргөзмө уюштурулду, баннерлер, стенддер коюлду.

Иш чараны уюштуруу  райондук билим берүү бөлүмү тарабынан эн жакшы уюштурулду. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармагынын жетектөөчү акимдин орун басары  З.Адишова катышты. Мекеме уюмдун жетекчилери  жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин  райондук профсоюздун төрагасы  С.Жаркымбаевдер катышты.

Базар-Коргон райондук бардык мектептерден жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен эн мыкты деп табылган  Ч.Айтматовдун  чыгармаларынан,  видеролик, сүрөт көргөзмөсү, чыгармалардан көркөм окуу, сахна көрүнүштөр, кол өнөрчулуктор көрсөтүштү. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.Адишова, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Бурканов  ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырышты.

Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин  райондук профсоюз комитетинин  төрагасы  С.Жаркымбаев да профсоюз тарабынан жайкы эс алуу мезгилинде . Эн мыкты номинация алган 10 мугалимге  кыска мөөнөтү 5 күндүк  Ысык –Колго “Геолог ” пансионатына  дем алууга жолдомо берилет. 

 

Материалды даярдаган:

Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин 

райондук профсоюз комитетинин төрагасы  С.Жаркымбаев