Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Айтматовду окуйбуз” Лейлек районунун М.Баетов орто мектебининде

2018-жылдын 6-декабрь күнү Лейлек районунун Мурзабек Баетов атындагы орто мектебинде “Айтматов жумалыгына” карата жана “Айтматовду окуйбуз” долбоорунун алкагында Маргун айылынын атактуу инсандары окуучуларга Ч.Айтматовдун чыгармаларынан окуп беришти. Сүрөттө айылдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Акматалы Ормошов мектептин окуучуларына кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун ата-теги тууралу айтып берүүдө.

Ушул эле күнү мектепте “Ч.Айтматов-сыр калемде” аттуу сүрөт конкурсу өткөрүлуп, окуучулар жазуучунун чыгармаларынын каармандарынын образдарын сүрөткө түшүрүштү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө мектептин профсоюз уюму тарабынан чакан белектер тапшырылды.

 

 

 

Даярдаган Марина Сагалиева