Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2019” тармак

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2019”                                                                                                                                                   тармак

Ноокен райондук комитеттин 2019-жыл иш планына ылайык “Мыкты  профсоюздук  уюмунун төрагасы-2019” кароо-сынагы 29-январь айындагы Президиум кеңешмесинин №1/5 токтомунун негизинде жарыяланып,  октябрь  айында жыйынтыкталды.   Кароо-сынакка 8 балдар бакчасы жана 7 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышышты.                                                               Атайын түзүлгөн комиссия  10-15-октябрь  күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган  иштер  жана кароо-сынактын шарттарын ордунда карап чыгышты. Комиссия  16-октябрь күнү жалпы  жыйынтыкты  чыгарып жеңүүчүлөр  аныкталды.

 30.10.2019      443       Кесиптик бирлик региондордо

Таланттарды издейбиз-2019 кароо-сынагы өтүүдө

Таланттарды издейбиз-2019 кароо-сынагы өтүүдө

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген «Таланттарды издейбиз!» аттуу фестивалы жарыяланып, өткөрүлүп келет. Аталган саамалык быйылкы окуу жылында да иш жүзүнө ашып, учурда экинчи айлампасы өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

 30.10.2019      477       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарасы боюнча маалымат

Жалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарасы боюнча маалымат

Жалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарасы боюнча маалымат

 30.10.2019      582       Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун VI Пленуму өткөрүлдү

Обкомдун VI Пленуму өткөрүлдү

2019-жылдын 25-октябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги VI Пленуму өткөрүлдү.Пленумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов обкомдун III – IV пленумдарынын аралыгында жүргүзгөн иштерине ар тараптуу (слайддар) менен баяндама жасады. Баяндаманы талкуулоого профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Э.Эгизалиевалар катышышты.

 28.10.2019      508       Кесиптик бирлик региондордо

Тажрыйба топтоого түрткү болгон Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун IV пленуму

Тажрыйба топтоого  түрткү болгон Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун IV пленуму

Билим берүу жанан илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун IV пленуму 25.10.2019-жыл өткөрүлдү.Бул пленумда: Билим берүү,илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук,социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо,коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча БКнын Ысык-Көл облусунун Тоң районунуда “Уюштуруучулук жактан бекемдик-профсоюздун ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизи” темасында өткорүлгөн пленумунун(20.09.2019-ж) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деңгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндө маселелр каралды.

 28.10.2019      500       Кесиптик бирлик региондордо

“БЕРЕКЕЛҮҮ АЛТЫН КҮЗ”

“БЕРЕКЕЛҮҮ АЛТЫН КҮЗ”

2019-жылдын 23-октябрь күнү Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы “Күнбала-Таш-Дөбө”балдар бакчасында “Берекелүү алтын күз” аттуу аймактык семинар өткөрүлдү. Семинар бала бакчанын чоӊ залында өттү. Бул иш чарага ата-энелер, меймандар, жогорку жана ортоӊку тайпанын балдары катышты. Семинардын максаты: Тарбиялануучулардын жаш өзгөчүлүктөрү чектелбестен комплекстүү билим жана тарбия берүү ыкмаларын баяндоо жана аймактык бала бакчадагы тарбиячылардын өз ара тарбия алмашуусу.

 28.10.2019      631       Кесиптик бирлик региондордо

Т.Усубалиев 100 жашта

Т.Усубалиев 100 жашта

Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмеси жана райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан мугалимдер арасында Т.Усубалиевдин ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюуу боюнча сынак ѳткѳрүлдү. Сынакка райондогу 27 мектептин мугалимдери катышып, биринчи туру «аймактык» деп аталып 5 топко бѳлүнүү менен ѳткѳрүлдү.

 23.10.2019      563       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

ОГПИде социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

19-октябрь Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматы билдирет. Аталган саамалык окуу жайдын Гуманитардык факультетинин cоциалдык иштер кафедрасы тарабынан даярдалып, ага факультеттин жетекчилик жамааты, окутуучулар жана студенттер катышышты. Бул менен бирге Ош шаарынын жаштар комитетинин өкүлдөрү келип, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен иш чаранын журүшүнө күбө болушту. Андан соң социалдык иш адистигинде окуган алдыңкы студенттерге институттун жана факультеттин ардак грамоталары тапшырылып, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анда ыр-бий, обондуу ырлар жана социалдык маселелерди чагылдырган таасирдүү сахналык көрүнүштүр аткарылды.

 23.10.2019      580       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Профсоюз  кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош  областтык билим, илим   кызматкерлеринин  кесиптик бирлик   комитети  КРнын  социалдык  коргоо жана  профсоюз   кызматкерлеринин  күнүн 2019-жылдын  18-октябрь күнү  ОПКнын тейлөөсүндөгү  РПК, ШПК, окуу  жайлардын  жана түз  баш ийген  баштапкы  уюмдардын лидерлери,  текшерүү  комиссиясынын  мүчөлөрү,  эсепчилер,  сыйлык алуучу  активисттердин  катышуусунда  салтанаттуу  түрдө  белгиленди. Иш чараны  төрага  С.Тойгонбаев  куттуктоо  сөз  сүйлөө  менен  ачты. ОПКнын  тейлөөсүндөгү  уюмдардын  профлидерлери  да  катышуучуларды  бүгүнкү  салтанаттуу  күнү  менен  куттукташты.  Салтанаттын  жүрүшүндө  Билим берүү  жана  илим  министрлигинин, Билим, илим   кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  Борбордук  комитетинин  Ардак  грамоталары, «Билим  берүүнүн  мыктысы», «Билим, илим   профсоюздук   кыймылынын  мыктысы»  төш белгилери, ошондой  эле  ОПКнын  Ардак  грамоталары  бир топ  алдыёкы  активисттерге  тапшырылды.

 23.10.2019      542       Кесиптик бирлик региондордо

Балдарды жомок дүйнөсүнө жетелеген Дана Шерри ОГПИде...

Балдарды жомок дүйнөсүнө жетелеген Дана Шерри ОГПИде...

Ош шаарындагы англис тилин үйрөнүүчү окуучулар жана студенттер үчүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда семинар болуп өттү. Аталган иш чаранын башкы коногу “Жомоктор кербенинин” көркөм жетекчиси, “Жибек-Жолу” баяндама программасынын башчысы, Стэндфорд жана Калифорния Университетинин окутуучусу Дана Шерри болуп, ага мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер жана окуу жай жетекчилиги катышышты.

 23.10.2019      528       Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыгыңыз кут болсун!

Сыйлыгыңыз  кут  болсун!

19-октябрь -  Социалдык  жана  профсоюз  кызматкерлеринин  майрамы  алдында  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлери нин  Жалал-Абад  облустук комитетинин  төрагасы   Исмаилов  Абдукахар  Арапович  Кыргыз  Республикасынын  профсоюзунун  жогорку  сыйлыгы  “Кыргызстан  профсоюздарына  сиңирген  эмгеги  үчүн”  ардактуу   төш  белгиси  менен  сыйланды.  Бул  сыйлык  А.А. Исмаиловго 2005-жылдан  бери  профсоюз тармагынын  өнүгүүсүнө кошкон  чоң  салымы  жана  облустук  профсоюз тармагынын  2016-жылдан  берки жетишкен  ийгиликтери үчүн берилди.

 22.10.2019      783       Кесиптик бирлик региондордо