Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Т.Усубалиев 100 жашта

Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук  бирикмеси жана райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан мугалимдер арасында Т.Усубалиевдин ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюуу боюнча сынак ѳткѳрүлдү.

Сынакка райондогу 27 мектептин мугалимдери  катышып, биринчи туру «аймактык»  деп аталып 5 топко бѳлүнүү менен ѳткѳрүлдү.

Сынакта мугалимдер Т.Усубалиевдин ѳмүр таржымалынан, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышын, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышын, маданий жактан өнүгүшүнө, борбор шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү зор эмгеги, өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу боюнча ишмердүүлүгүн жана саясий чечимдерин чагылдырып кѳрсѳтүшүп, бул сынакка даярданып жатып, Т.Усубалиев жѳнүндѳ кѳптѳгѳн маалыматтарды билгендерин айтышты.

Аймактык турдан биринчи орун алган Н.Жүндүбаева, К.Темиров, Оро-Башы, Т.Курткаев, Ак-Жар орто мектептери 30-октябрь күнү райондук маданият үйүндѳ ѳтүүчү финалдык турга катышууга даярдыктарды кѳрүшүүдѳ.

 

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы