Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун VI Пленуму өткөрүлдү

2019-жылдын 25-октябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги VI Пленуму өткөрүлдү.

         Пленумдун күн тартибине

  1. Билим берүү, илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча БКнын Ысык-Көл облусунун Тоъ районунда “Уюштуруучулук жактан бекемдик – профсоюздун ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизи” темасында өткөрүлгөн пленумунун (20.09.2019-ж.) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деъгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндө.
  2. Ар түрдүү маселелер коюлду.

Пленумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов обкомдун III – IV пленумдарынын аралыгында жүргүзгөн иштерине ар тараптуу (слайддар) менен баяндама жасады.

Баяндаманы талкуулоого профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Э.Эгизалиевалар катышышты.

Обкомдун мүчөлөлөрүнүн материалдар менен алдын ала таанышуусу үчүн пленумдун маселелери күн мурунтан бардык райшааркомдорго жеткирилген.

Пленумда талкууланган маселелер боюнча профсоюздун Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраилов, профсоюздун Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков өздөрүнүн омоктуу ой-пикирлерин билдиришти.

Обкомдун жана анын жер-жерлердеги уюмдарынын иштерин жакшыртуу, деъгээлин өркүндөтүү боюнча иштиктүү сунуштары менен бөлүшүштү.

Обкомдун төрагасы А.Исмаилов пленумдун жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелерге тиешелүү маалыматтарды берди.

Пленум күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча айтылган пикирлерди, сунуштарды камтыган кеъири токтом кабыл алынды.

Пленумдун ишине профсоюздардын Жалал-Абад областтык кеъешинин төрагасы Э.Аглиулин катышып, облустун жалпы профсоюздук активин бир аз күн мурда белгиленген социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, мүчөлөрдүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө алардын иштерине ийгиликтерди каалады.

Пленумдун соъунда Э.Аглиулин пленумдар аралыгында жакшы иштеген профсоюздун Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраиловго, профсоюздун Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиевге, профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Э.Эгизалиевага профсоюздардын Жалал-Абад областтык кеъешинин Ардак Грамоталарын тапшырды.

Пленумдун ишин обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктады.

 

Обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

А.Бегматов