Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде спортчу студенттер күч сынашууда

ОГПИде спортчу студенттер күч сынашууда

Ош гуманитардык- педагогикалык институнун факультеттери ортосунда спорттук мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет. Мында ар бир факультеттен түзүлгөн командалар жободо белгиленген волейбол(кыздар, балдар), шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, футбол, жеңил атлетика жана таяк тартыш оюндары боюнча күч сынашат. Өткөрүлүп жаткан иш чаранын негизги максаты студенттерди руханий жана дене маданиятын өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана факультеттер ортосунда ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Мелдеш жалпы командалык жыйынтык менен 1-2-3-байгелүү орундарды ээлеген командалар, ОГПИнин ректораты жана окуу жайдын кесиптик кошууну тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Белгилей кетсек бул спорттук мелдеш ОГПИнин Жаштар комитети жана Дене тарбия факультети тарабынан 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата уюштурулуп жатат. Оюндар 27-ноябрга чейин уланмакчы.

 25.11.2019      477       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин “Татыктуу эмгек-татыктуу жаштар” облустук семинары өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин  “Татыктуу эмгек-татыктуу жаштар” облустук семинары өткөрүлдү

Семинардын салтанаттуу бөлүгүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева ачып,келген коноктор менен тааныштырды.Алгач эмгек жолун баштаган кесиптештерге профсоюздук билетти тапшыруу менен куттуктоо сөз айтылды.Куттуктоо үчүн келген коноктор чыгып өздөрунүн жылуу сөздөрүн арнашты.Мугалимдик иш ары түйшүктүү,ары сыймыктуу,коомдун туткасы жана күзгүсү экенин,келечекте жаштардан үмүт чоң күтүлөөрүн баса белгилешти.Ошондой эле №11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери чакан концерттик программа тартуулашты.

 25.11.2019      592       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук кесиптик бирлигинин XXI отчеттук кайра шайлоо конференциясы

Билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин  XXI  отчеттук  кайра  шайлоо  конференциясы

2019-жылдын 15-ноябрында №1 М.Адышев атындагы мектеп - гимназиясында билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук кесиптик бирлигинин XXI отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев жана аппарат кызматкерлери, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О. Мусаев, чакырылган профсоюз уюмунун төрага-төрайымдары, билим берүү мекемелеринин директорлору жана конференцияга шайланган 129 делегаттын 126 сы (үчөө себептүү) катышышты.

 25.11.2019      448       Кесиптик бирлик региондордо

“Агайды эскерүү күнү”

“Агайды эскерүү күнү”

Бүгүн Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүндө 20 жыл башчы Райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинде 5 жыл төрага болуп иштеген ардактуу агайыбыз Добул Шабдановго арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеге агай менен бирге иштеген жана агайдын үй бүлөсөсү чакырылып. Алгач мектептен тышкаркы билим берүү мекемесинин директору ачып кеченин жүрүшүнө ийгилик калады. Кечени Д.Шабдановдун атын алып жүргөн мектептен тышкаркы билим берүү мекемесинин мугалимдер жааматы жана окуучулары уюштуруп он бир ийриминин окуучулары Д.Шабдановго арналган ыр саптарын жана концерттик програмасын тартуулашты. Андан кийин бирге иштешкендерге уул кыздарына окуучулар тарабынан бир топ суроолор берилип канаттандыраарлык жоопторду алышты өмүрлүк жубайы Алтынбүбү эже, уулу Иляз, кызы Рахат суроолорго жооп берип алдыӊкы окуучуларга кызыктыруучу белектерин тапшырды. Бирге иштешкендерден Ж.Дурусалиевге көп суроолор берилди. Дурусалиев жооп берип, агайдын адамгерчилигине, кичи пейилдигине, жакшы устаттыгына кеӊири токтолуп эки сааттын тегерегинде кызыктуу кече өттү.

 19.11.2019      504       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР СЫЙЛАНДЫ

ОГПИде АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР СЫЙЛАНДЫ

“СТУДЕНТ – “АЛТЫН ДООР” ТАСМАСЫНЫН ЭҢ БАШКЫ КААРМАНЫ” мындай аталыштагы майрамдык салтанат 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

 18.11.2019      644       Кесиптик бирлик региондордо

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү”

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү”

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндөгү ” Жарлыгына ылайык жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан, ошондой эле, ар бир жалпы билим берүү мекемелеринде түзүлгөн иш чаралардын негизинде 7-ноябрь “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” белгиленди. Мектептерде иш чаралардын пландарында көрсөтүлгөн “Тарых барактары”, “Тарых жана биз”, “Элдин руханий мурасы”, “Апрель революциясынын каармандары” жана башка ушул сыяктуу темалардагы ачык сабактар, тегерек столдор, эскерүү кечелери, музейге саяккат сабактары өткөрүлүп, слайддар көрсөтүлдү.

 18.11.2019      1142       Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуулардын аткарылышы мугалимдерди кубандырууда

	Макулдашуулардын аткарылышы мугалимдерди кубандырууда

Профсоюз мүчөлөрүнүн эмгек укуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү , Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин ортосунда түзүлгөн Үч тараптуу макулдашуулардын негизинде бир топ иштер аткарылып жатат. Макулдашууда негизги маселелердин бири билим берүү тармагында мугалимдердин эмгектенүү шарттарын жакшыртуу, окуу-тарбия иштерин жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана окуу-материалдык базаны чыңдоо болуп саналат. Ага ылайык 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында 2019-жылдын 13-ноябрь күнү Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагынын Бостон айылындагы №44 М.Акчабаев, Шайдан айыл аймагында №35 Ш.Сүйөркулов, № 30 Б. Дамашев атындагы орто мектептеринде жаңы, заманбап спорт залдардын ачылышы болуп өттү.

 15.11.2019      610       Кесиптик бирлик региондордо

Доступный профсоюз - правильно начисленная заработная плата

Доступный   профсоюз  -   правильно начисленная заработная  плата

Каждый учитель, каждый работник системы образования должен получать правильно насчитанную заработную плату именно с такой целью и с целью ознакомления педагогических работников Постановлением Правительства Кыргызской Республики № 511 от 30.09.2019 г “Об условиях оплаты труда некоторых категорий работников системы образования” в г.Баткен Баткенской области был создан штаб в составе 5 человек в числе которых Зав.Баткенским горОО А.Ахматбеков, Главный бухгалтер Э.Касымов, Председатель профкома работников образования М.Калыкова, бухгалтера Д.Исираева и Б.Каримова.

 15.11.2019      561       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы ректор кызматына киришти

Жаңы ректор кызматына киришти

Ушул жылдын 5-ноябрында ОшМУнун ректорун шайлоо болуп өтүп, анда шайлоочулардын эң көп добушун алган Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичти бүгүн, 12-ноябрда ОшМУнун жаңы ректору катары жамаатка тааныштыруу аземи болуп өттү.

 15.11.2019      614       Кесиптик бирлик региондордо

Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним!

Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним!

2019-жылдын 6-ноябрында Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним” аттуу баштапкы профсоюздук уюмдардын төрагаларынын иш чарасы болуп өттү. Белгилей кетсек, №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Ж.Аманбекова 2018-жылда тармактык профсоюздук кароо-сынактын республикалык турунда гран принин ээси болгон.

 12.11.2019      613       Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда жаңы мектеп ачылды

Чаткалда жаңы мектеп  ачылды

5-ноябрда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 100 орундуу жаңы имаратынын ачылыш салтанаты болду. Салтанат учурунда мектепти колдоо боюнча марафон өтүп, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын эмгек жааматтарынан жана жергиликтүү калктан 150 миң сом акча каражаты жана 6 баш майда жандык түштү. Марафондон түшкөн каражаттар мектептин кем-карчына жумшалмакчы.

 12.11.2019      700       Кесиптик бирлик региондордо