Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуулардын аткарылышы мугалимдерди кубандырууда

Профсоюз  мүчөлөрүнүн эмгек  укуктарынын  сакталышын камсыздоо  үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы,  Ноокен райондук билим берүү бөлүмү , Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин ортосунда түзүлгөн Үч тараптуу макулдашуулардын негизинде бир топ иштер  аткарылып жатат. 

Макулдашууда  негизги  маселелердин  бири  билим  берүү  тармагында мугалимдердин эмгектенүү  шарттарын жакшыртуу, окуу-тарбия   иштерин  жакшыртууга   ыңгайлуу  шарттарды  түзүү жана окуу-материалдык  базаны  чыңдоо  болуп  саналат.  Ага ылайык 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында 2019-жылдын 13-ноябрь күнү Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагынын Бостон айылындагы №44 М.Акчабаев, Шайдан айыл аймагында №35 Ш.Сүйөркулов, № 30 Б. Дамашев атындагы орто мектептеринде жаңы, заманбап спорт залдардын ачылышы болуп өттү.                                                                                                                                           

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, Ноокен райондук администрациясынын башчысы–аким Э. Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу    Г. Борбиева, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов, Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сейитова, айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар, жаштар жана айыл тургундары катышышты. Жалпысынан үч спорт залды куруп бүтүрүүгө Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан  23 398 115 сом жумшалган, ал эми элдик салым 1 422 470 сомду түзгөн.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров