Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук кесиптик бирлигинин XXI отчеттук кайра шайлоо конференциясы

2019-жылдын  15-ноябрында  №1 М.Адышев  атындагы  мектеп  - гимназиясында билим  берүү  кызматкерлеринин Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин  XXI  отчеттук  кайра  шайлоо  конференциясы болуп  өттү.

Конференцияга  Билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун   Ош  областтык  комитетинин  төрагасы С.А.Тойгонбаев  жана  аппарат кызматкерлери, Алай  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  М.О. Мусаев, чакырылган профсоюз уюмунун  төрага-төрайымдары, билим  берүү  мекемелеринин  директорлору жана  конференцияга  шайланган  129  делегаттын  126 сы (үчөө  себептүү)  катышышты.

Конференцияда билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин төрагасы  А.К.Абдыкадыров  жана  текшерүү  комиссиясынын  төрагасы Ж.А.Эсенкуловдор  2014-2019-жылдарда  жүргүзүлгөн  иштер  боюнча  отчет  берип,  алдыдагы   пландар  белгиленди.

Жарыш сөзгө  чыгышкан делегаттар  М.Качкынбаев, Т.Осмонова, К.Тентимишов, А.Тешебаев, М.Абдыкайыров, А.Каримов, М.Мусабаевдер А.К.Абдыкадыровдун  отчеттук  мезгилде  жүргүзгөн  иштерин  канаттандыраарлык  деп  белгилөө  менен  кайрадан  төрагалыкка  ачык  добуш  менен  сунуш  кылышты.

126 делегаттын  ачык  добушу  менен  Абдыкадыров  Акылбек  Кунаевич  бир  добуштан 126 делегаттын колдоосу  менен  кайрадан  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин  төрагасы   болуп  шайланды.

Конференциянын  ишин  Билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  областтык  комитетинин   төрагасы  С.А.Тойгонбаев  алып  барды жана  кайрадан  шайланган  А.К.Абдыкадыровдун  иштерине  ийгиликтерди  каалады.

 

Материалды даярдаган:

Акылбек Абдыкадыров