Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда жаңы мектеп ачылды

5-ноябрда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 100 орундуу жаңы имаратынын ачылыш салтанаты болду.

Салтанат учурунда мектепти колдоо боюнча марафон өтүп, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын эмгек жааматтарынан жана жергиликтүү калктан 150 миң сом акча каражаты жана 6 баш майда жандык түштү. Марафондон түшкөн каражаттар мектептин кем-карчына жумшалмакчы.

Эскерте кетсек,​ мектеп имараты "Данэлстрой" ЖЧКсы тарабынан 100 окуучуга ылайыкталып, республикалык бюджеттен 19 млн. сомго курулду. Мектептин мурдагы имараты жараксыз абалга келип калган.

Корчубек Акназаров  атындагы  орто мектебинде учурда 140 окуучу билим алууда.

Мектеп имаратына Каныш-Кыя айыл аймагынын каржылык колдоосу аркылуу видеокөзөмөл орнотулду.

Материалды  даярдаган:

Чаткал  райкомунун  төрагасы

Кудайбердиев Ы.К.