Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Агайды эскерүү күнү”

Бүгүн Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүндө 20 жыл башчы Райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинде 5 жыл төрага болуп иштеген ардактуу агайыбыз Добул Шабдановго арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеге агай менен бирге иштеген жана агайдын үй-

бүлөсү чакырылып. Алгач мектептен тышкаркы билим берүү мекемесинин директору ачып кеченин жүрүшүнө ийгилик калады. Кечени Д.Шабдановдун атын алып жүргөн мектептен тышкаркы билим берүү мекемесинин мугалимдер жааматы жана окуучулары уюштуруп он бир ийриминин окуучулары  Д.Шабдановго арналган ыр саптарын жана концерттик програмасын тартуулашты. Андан кийин бирге иштешкендерге уул кыздарына окуучулар тарабынан бир топ суроолор берилип канаттандыраарлык жоопторду алышты өмүрлүк жубайы Алтынбүбү эже, уулу Иляз, кызы Рахат суроолорго жооп берип алдыӊкы окуучуларга кызыктыруучу белектерин тапшырды. Бирге иштешкендерден Ж.Дурусалиевге көп суроолор берилди. Дурусалиев жооп берип, агайдын адамгерчилигине, кичи пейилдигине, жакшы устаттыгына кеӊири токтолуп эки сааттын тегерегинде кызыктуу кече  өттү.

 

 

Материалды даярдаган:

Уюштуруу тобу