Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним!

2019-жылдын 6-ноябрында Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Күчтүү профсоюз – татыктуу келечекке ишеним” аттуу баштапкы профсоюздук уюмдардын төрагаларынын иш чарасы болуп өттү.

Белгилей кетсек, №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы  Ж.Аманбекова 2018-жылда тармактык профсоюздук кароо-сынактын  республикалык турунда  гран принин ээси болгон.

Майрамдык иш чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы  А. Исмаилов, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Базар-Коргон райкомунун төрагасы С.Жаркымбаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Борбиева, ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик уюмдардын төрага, төрайымдары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов иш чараны ачып, 19-октябрь Профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

№30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин жаштар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов өз куттуктоо сөзүндө Ноокен райкомунда аткарылып жаткан иштерге токтолуп, социалдык өнөктөштүк багытында иштер, маалыматтык-агартуучулук иштер, жаштар кеңешинин иши жогорку денгээлде жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Иш чаранын жүрүшүндө 12 ардагер мугалим “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси, 4 билим берүү мекемелеринин жетекчилери, 5 баштапкы кесиптик уюмдардын жетекчилери обкомдун Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Андан сырткары 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү  жылында “Мыкты  профсоюздук  уюмунун төрагасы-2019” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары сыйланышты.

 

Ноокен райКБКнын инспектору

Т.Бакиров