Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде спортчу студенттер күч сынашууда

Ош гуманитардык- педагогикалык институнун факультеттери ортосунда спорттук мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Мында  ар бир факультеттен түзүлгөн командалар жободо белгиленген волейбол(кыздар, балдар), шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, футбол, жеңил атлетика жана таяк тартыш оюндары боюнча күч сынашат. Өткөрүлүп  жаткан иш чаранын негизги максаты студенттерди  руханий жана дене маданиятын өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана факультеттер ортосунда ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Мелдеш жалпы командалык жыйынтык менен 1-2-3-байгелүү орундарды ээлеген командалар, ОГПИнин ректораты жана окуу жайдын кесиптик кошууну тарабынан диплом  жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Белгилей кетсек бул спорттук мелдеш ОГПИнин Жаштар комитети жана Дене тарбия факультети тарабынан 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата уюштурулуп жатат. Оюндар 27-ноябрга чейин уланмакчы.

 

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу