Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” шоу программасы Мунар Назымов менен биргеликте...

“Студенттин сынагына сынбайсыңбы?”  шоу программасы Мунар Назымов менен биргеликте...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институнун Колледжинде салтка айланган “Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” аттуу иш чара болуп өттү. Аталган кеченин коногу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы Назымов Мунар Бурханович болуп, бир топ кызыктуу суроолор коштоосунда студенттер менен жакындан пикир алышты.

 28.11.2019      503       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Сузакта жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жарлыгы менен жарыяланган "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюздук комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин социалдык натыйжалуулуктары" кароо сынагына карата жакшы салым кошуп активдүү баштапкы профсоюздук уюмдардын иштерине баа берди жана алдыңкы профсоюздук уюмдарды дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлады. Иш чара райондук билим берүү бөлүмү менен бирге өткөрүлдү.

 28.11.2019      546       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулууда

Жаш мугалимдерге  өзгөчө  көңүл  бурулууда

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жаштар кеңештерин түзүү алардын ишмердүүлүгүн жолго кою боюнча атайын Жобо бекитилип, бул багыттагы иштер башталганына көп эле болгон жок. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин жургузуп жаткан иштери натыжасында жаш мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулуп жакшы самаалыктар болууда.

 26.11.2019      519       Кесиптик бирлик региондордо

“Күчтүү профсоюз-татыктуу келечекке ишеним” урааны астында республикалык кароо-сынактын областтык туру өткөрүлдү

“Күчтүү профсоюз-татыктуу келечекке ишеним” урааны астында  республикалык кароо-сынактын областтык туру өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына» карата иш –чаралардын алкагында жарыяланган «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 2019-жыл тармактын райондук, шаардык жана ЖОЖ,АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык кароо-сынагынын областтык турун билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2019- жылдагы иш планына ылайык 2019-жылдын 20-ноябрь күнү Баткен шаарында өткөрүлдү

 26.11.2019      538       Кесиптик бирлик региондордо

Биздин күчүбүз – биримдикте

Биздин күчүбүз – биримдикте

2019-жылдын 22-ноябрь күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин окуу-семинары болуп өттү. Анда жаштар кеңешинин мүчөлөрү, жаш проф.лидерлер, жалпы 55 адам кытышты. Окуу-семинарда тарификация, айлык акылардын туура эсептелиши боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын эсепчиси Н.Абдыназаров; Күндөлүк планды жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде жазуу боюнча Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин мугалими Т.Мирзариамова; Лидерлик жана оратордук искусствосу боюнча Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасы Т.Бакиров, Чыр-чытактарды анализдөөнүн жолдору боюнча Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары У.Уметовдор слайддар менен түшүндүрүшүп, усулдук материалдар берилди. Андан сырткары семинардын катышуучулары топтордо иштешти жана өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.

 26.11.2019      651       Кесиптик бирлик региондордо

Китепкөй окурмандар үчүн “Китеп жарманкеси”...

Китепкөй окурмандар үчүн “Китеп жарманкеси”...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Китеп жарманкеси” өтүп жатат. Бул саамалыкты Бишкек шаарынан келген “Данек” китеп дүкөнүнүн кызматчы тобу менен биргеликте окуу жайдын китепкана бөлүмү уюштурууда. Анын негизинде жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Китепкөй адистер менен бирге окурман студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлүп жаткан бул иш чара бүгүн кечки саат 17:00 убактысына чейин уланат. Көптөгөн китептер бүгүн өз окурмандарын табууда...

 26.11.2019      621       Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунун «Акылман» балдар бакчасында аймактык семинар болуп өттү

Кадамжай   районунун   «Акылман»   балдар  бакчасында    аймактык   семинар  болуп  өттү

2019-жылдын 20-ноябрь күнү «Акылман» балдар бакчасында аймактык семинар болуп өттү. Семинарга 9 бала бакчанын жетекчилери, тарбичылары жардамчылары болуп жалпы 38 адам катышты. Тарбиячы Ормотоева жана Шербаева жардамчылары менен активдүү борборлордо иштөө усулун чыгармачылык көргөзмөлөрү менен жогорку жогорку денгээлде көрсөтүштү. Ошондой эле атайын чакырылган Жалилова Гулзат эжеке Энелер мектебинин сабактарын уюштуруу боюнча эн мыкты тренинг өтүп берди.

 26.11.2019      571       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ –Республикалык олимпиадада 2-орун...

ОГПИ –Республикалык олимпиадада 2-орун...

16-19-ноябрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде тарых адистигинде билим алып жаткан студенттер ортосунда олимпиада болуп өттү. Буга Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери катышып, байгелүү 2-орунду камсыздашты. Анын натыйжасында бүгүн окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев жеңиш менен келген студенттерди жана жетектеп барган мугалимдерди кабыл алып, жетекчиликтин атынан куттуктады. Мында ректор студенттердин дагы да алдыга кадам таштоосуна бир топ стимул боло турган ийгилик жараткандарын баса белгилеп, кубанычта экенин билдирди. Олимпиадага Тарых кафедрасынын улук окутуучусу, магистр Анара Жолдошова, Үмүтай Ажымаматова жетектеген тарых адистигинин студенттери катышып, илимий багыттан тажрыйба алмашууга шарт түзүлгөнүн, теория лык билимдерин, практика жүзүндө көргөзө алгандыгын айтып өтүштү.

 26.11.2019      498       Кесиптик бирлик региондордо

“Энелер мектеби мыкты билим тарбиянын өбөлгөсү”

“Энелер мектеби мыкты билим тарбиянын өбөлгөсү”

Лейлек районунун Арка айыл аймагына караштуу Жаштык айылындагы Раимбердиев Исманали Жумабаевич жетектеген “Кыргызстандын 60 жылдыгы” орто мектебинде “Энелер мектеби мыкты билим тарбиянын өбөлгөсү” деген темада 2019-жылдын ноябрь айында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш чарага “Энелер мектебинин” автору Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Мадаминов Гапыр Маматкулович, 300дөн ашык ата-эне, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, жакын жайгашкан мектептердин директорлору катышты. Семинардын жүрүшүндө “Энелер мектебинин” түзүлүшү жана ачылышынын максаты, автору Г.М.Мадаминов жөнүндө кеңири маалымат берилип, слайддар көрсөтүлдү.

 26.11.2019      816       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта президиум өткөрүлдү

Сузакта президиум өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин кезектеги президиуму 2019-жылдын 21-ноябрында өткөрүлдү. Президиумдун отурумунда төмөндөгү маселелер каралды: 1. "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында" профсоюздун Сузак райкомунун жана баштапкы профсоюздук уюмдардын үч тараптүу макулдашуулар, жамааттык келишимдер боюнча аткарган иштеринин ыйынтыгы жөнүндө. 2. Райондун маданий - массалык иштерин өткөрүү үчүн сарпталуучу акча каражаттарынын суммасын бекитүү жөнүндө. Президиумдун жүрүшүндө билим берүү уюмдарынын материалдык базасын чыңдоодо өнөктөштөр ортосундагы байланышты күчөтүү багытында президиум мүчөлөрү Авазов А., Бабаева Л., Матираимов М. өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти.

 25.11.2019      488       Кесиптик бирлик региондордо

Төрага кайрадан шайланды

Төрага  кайрадан  шайланды

2019-жылдын 19-ноябрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин ХХ отчеттук – кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Отчеттук доклад менен Кара-Суу райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин төрагасы П.Жакыпов чыгып сүйлөдү. Конференциянын жүрүшүндө жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттар райондук комитеттин отчеттук мезгил ичиндеги аткарган ишин канааттандыраарлык деген баа беришти.

 25.11.2019      493       Кесиптик бирлик региондордо