Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Энелер мектеби мыкты билим тарбиянын өбөлгөсү”

Лейлек районунун Арка айыл аймагына караштуу  Жаштык айылындагы  Раимбердиев Исманали Жумабаевич жетектеген “Кыргызстандын 60 жылдыгы” орто мектебинде “Энелер мектеби мыкты билим тарбиянын өбөлгөсү” деген темада 2019-жылдын ноябрь айында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш чарага  “Энелер мектебинин” автору Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Мадаминов Гапыр Маматкулович, 300дөн ашык ата-эне, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, жакын жайгашкан мектептердин директорлору катышты.

Семинардын жүрүшүндө “Энелер мектебинин” түзүлүшү жана ачылышынын максаты, автору Г.М.Мадаминов  жөнүндө кеңири маалымат берилип, слайддар көрсөтүлдү.

Энелер мектебинин ачылышынын максаты: энелерге үй-бүлөдө балдарды мектепке даярдоодо акыл-эс, адеп ахлак, тарбиясы жөнүндө алгачкы педагогикалык маалыматты берүү, үй-бүлөдө балдардын сезүү, кабыл алуу,  ойлоо, эстеп калуу, таанып билүүгө, билим алууга зарыл сапаттарын калыптандыруунун эң жөнөкөй ыкма методдорун үйрөнүү, энелерге айрыкча жаш энелерге балдарды тарбиялап, өстүрүүгө кызыгууну, жоопкерчиликти ойготуу, балдардагы бардык жакшы сапаттар энелерден өтөөрүн көп жылдык эмгегинде жана өткөрүлгөн тажырыйбанын негизинде далилденгенден келип чыккан, эне-тарбиячы, эне-педагог, үй-бүлөдө алгачкы мектеп - эне мектеби экендигин айыл жериндеги энелерге сездирүү экендиги айтылып, авторго сөз берилип, суроо жооп бөлүгү менен иш чара жыйынтыкталды.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева