Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алгалай берсин, билим жана илим профсоюзу!

Алгалай  берсин, билим  жана  илим   профсоюзу!

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети 2019-жылдын 20-декабрында жыйынтыктоочу президиумунда «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында тармактык райондук, шаардык профсоюздук комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыжалуулуктарынын жылы” урааны астында өткөрүлгөн республикалык кароонун жыйынтыктары чыгарылды.

 24.12.2019      489       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда предметтик олимпиада өткөрүлдү

Аксы районунда предметтик олимпиада өткөрүлдү

Аксы районунда аймактык мектептердин арасында райондук деңгээлде предметтик олимпиада болуп өттү.Олимпиада эки күн өткөрүлүп,эки тур болду. Н.Мамбетов атындагы орто жалпы билим берүүчү мектебинин окуучулары катышып келишти.Физика,математика,кыргыз тили, информатика предметтери боюнча катышышты.Физика предметинен Акматова Назбийке, математикадан Момунов Мырзагул,кыргыз тилинен Тургунбаева Жанара,информатикадан Апсаматова Айгул катышып келишти. Физика предметинен Акматова 3-орунду ээледи,ал эми Момунов Мырзагул математикадан 3-орунду. Көп окуган көптү билет эмеспи,ошол себептен көп изденип окуса ийгиликтерди багындырат.

 24.12.2019      509       Кесиптик бирлик региондордо

Тѳрага кайрадан шайланды

Тѳрага кайрадан шайланды

2019-жылдын 17-декабрь күнү Кочкор районундагы билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ХХIII конференциясы болуп ѳттү. Конференцияга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тѳрагасы А.Токтогулов, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Ѳзүбеков жана 45 делегат катышты. Конференциянын жүрүшүндѳ райондук комитеттин тѳрагасы А.Темировдун профсоюз уюмунун аткарган иштери боюнча отчету угулуп, «канааттандырарлык» деп бааланды жана текшерүү комиссиясынын отчету жактырылды.

 23.12.2019      626       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинин 2019-жылдын декабрь айында өткөргөн иш чаралары

Лейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинин 2019-жылдын декабрь айында өткөргөн иш чаралары

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылындагы “Кара-Булак” орто мектебинин педагогикалык жааматы ар дайым өз активдүүлүгүн көрсөтүп, түрдүү иш чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүп келишет. Мындай иш чараларынын бири 3-декабрь ден соолугу чектелген балдарга камкордук күнүнө карата мектептин социалдык педагогу Разыкова Күмүшайдын демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан каржыланган окуу куралдары, таттуулар жана энциклопедиялар мектептин аялуу, кайсы бир деңгээлде майыптыгы бар окуучуларына берилди.

 23.12.2019      514       Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаарындагы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун комитетинин төрагасы болуп А.Балтабаев кайра шайланды

Ош шаарындагы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун комитетинин төрагасы болуп А.Балтабаев кайра шайланды

Ош шаарында 10-декабрь күнү шаардагы № 18 А. Навои атындагы мектеп-гимназиясында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин 5 жыл (2014-2019) аралыгында жасалган иштери боюнча отчёттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Мында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин төрагалыгына аталган комитеттин мурдагы төрагасы Балтабаев Абдыкалык Орунбаевич кайра шайланды. Аталган шайлоого Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерден жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен аталган комитетке караштуу делегаттар катышып, бир добуштан А.Балтабаевди көрсөтүштү.

 23.12.2019      505       Кесиптик бирлик региондордо

Методикалык күн Көк-Жаӊгак шаарында өткөрүлдү

Методикалык күн Көк-Жаӊгак шаарында өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад обкомунун иш планына ылайык 2019-жылдын 11-декабрында Көк-Жаӊгак шаардык комитетине обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов тарабынан усулдук жардам берилди. Усулдук күндө шаардык комитеттин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевнага номеклатуралык иш кагаздарды жүргүзүү, пленум жана президиумдун материалдарын даярдоо, баштапкы профсоюздук уюмдар үчүн семинарларды өткөрүү, айлык акылар боюнча борборлоштурулган бухгалтерия менен иштөө, маалыматтарды электрондук алмашуу, кайрылуулар, арыздар менен жекече тартипте иштөө боюнча маалыматтар берилди.

 23.12.2019      469       Кесиптик бирлик региондордо

В год цифровизации, создадим условия труда работникам образования!

В год цифровизации, создадим условия труда работникам образования!

14 декабря 2019 года на базе средней общеобразовательной школы №2 города Майлуу-Суу был проведен областной семинар на тему: “Улучшим условия труда работникам образования!” В областном семинаре приняли участие Председатель Жалал-Абадского областного профсоюзного комитета работников образования и науки А.А.Исмаилов, ответственные работники обкома А.Ч.Айдаров, З.Б.Сулайманов, председатели профкомов города Таш-Кумыр и Көк-Жаңгак, инспектор Ноокенского райкома, председатели Молодежного совета, директора школ и председатели первичных организаций.

 23.12.2019      483       Кесиптик бирлик региондордо

ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ...

ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш чара “Кыргыз малекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандар” деген теманын алкагында Алымбек Датканын 220, А.Орозбековдун 130, Т.Усубалиевдин 100 жылдык юбилейлерине арналып, окуу жайдын Гуманитардык факультетинин “Тарых” кафедрасы тарабынан уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө алгач көрүнүктүү тарыхый инсандардын тагдыры туурасында студенттер тарабынан сахналык көрүнүш коюлду. Андан соң конференция салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен ачылып, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев жана Тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов куттуктоо сөз сүйлөшүп, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалап өтүштү. Конференциянын 2-бөлүгү пленардык отурум менен коштолуп, мында теманын негизинде бир топ баяндамалар окулду.

 23.12.2019      551       Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районуна караштуу Т.Исмаилов атындагы орто мектебинде окуу фестивалы болуп өттү

Кадамжай  районуна  караштуу  Т.Исмаилов  атындагы  орто   мектебинде  окуу  фестивалы  болуп  өттү

2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Т.Исмаилов атындагы орто мектебинин актовый залында улуттук китеп күнүнө карата билим алуу үчүн азык жана балдардын тамактануусу деген долбоордун алкагында чон окуу фестивалы болуп өттү. 6 мектептин башталгыч класстарынан мыкты деген окуучулар келишип таймаш ирээтинде өткөрүлдү. Фестваль Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси И.Досматов, окуу усулдук каана башчысы А.Сарымсаков, окуу усулдук каанын кызматкери Т.Актураева жана мугалимдердин, окуучулардын катышуусунда өттү.

 23.12.2019      600       Кесиптик бирлик региондордо

Облус жетекчисинин кубогуна арналып фудбол мелдеши болуп өттү

Облус жетекчисинин кубогуна арналып фудбол мелдеши болуп өттү

Ошто залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө арналган футбол болуп өттү. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, оюнга жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалар, окуу жай жетекчиликтери катышып, жогорку деңгээлдеги оюнду көрсөтө алышты. Достукту чындоого багытталган аталган мелдеште жалпы 6 команда беттешип, жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик юридикалык институту, 2-орунду Облустук администрация, ал эми 1-орунду Ош гуманитардык-педагогикалык институту багындырды. Оюндун жыйынтыгында аталган иш чаранын демилгечиси, У.Жылкыбаев катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып өттү. Ошону менен бирге баш байгени багындырган ОГПИнин командасына кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды. Эскерте кетсек бул оюн мындан ары уланып, кезектеги эстафета ОГПИге өткөрүлдү.

 23.12.2019      427       Кесиптик бирлик региондордо

Санариптештирүү менен мугалимдердин эмгегин жеңилдетүүгө жетишели!

Санариптештирүү менен мугалимдердин эмгегин  жеңилдетүүгө жетишели!

2019-жылдын 14-декабрында “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Майлуу-Суу шаарынын билим берүү кызматкерлеринин эмгегин жеңилдетүүгө жетишебиз!” темасында облустук семинар шаардын №2 орто мектебинин базасында өткөрулдү. Семинарга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А. Исмаилов, обкомдун жооптуу кызматкерлери А.Айдаров, З.Сулайманов, Таш-Көмүр, Көк-Жаңак шааркомдорунун төрагалары, Ноокен райкомунун инспектору, жаштар кеңештеринин төрагалары, мектеп директорлору, баштапкы профсоюздук уюмдарынын төрагалары катышты.

 18.12.2019      459       Кесиптик бирлик региондордо