Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Методикалык күн Көк-Жаӊгак шаарында өткөрүлдү

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  Жалал-Абад   обкомунун  иш  планына  ылайык  2019-жылдын   11-декабрында  Көк-Жаӊгак  шаардык  комитетине  обкомдун  уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов  тарабынан   усулдук  жардам  берилди.

Усулдук күндө шаардык комитеттин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевнага номеклатуралык  иш  кагаздарды  жүргүзүү, пленум жана президиумдун материалдарын даярдоо, баштапкы профсоюздук  уюмдар үчүн семинарларды өткөрүү, айлык акылар боюнча  борборлоштурулган  бухгалтерия  менен  иштөө, маалыматтарды электрондук  алмашуу, кайрылуулар, арыздар  менен  жекече тартипте  иштөө  боюнча маалыматтар  берилди.

Усулдук күндүн жыйынтыгы шаардагы №2 Макаренко атындагы орто мектептин базасында чыгарылып, ага баштапкы уюмдардын жетекчилери, айрым мектептердин директорлору катышышты.

Анда профсоюз  мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча  биргелешкен  иш  аракеттерди жигердүү жүргүзүү тууралуу пикир алмашуулар, ой-пикирлер, сунуштар талкууланды.

Талкууда усулдук күндөрдү системалуу өткөрүп туруу профсоюздун  ишмердүүлүгүнө жакшы көмөк  бере тургандыгы белгиленди.

 

М.Абдыкадырова 

обкомдун пресс-катчысы