“Атам, апам жана мен” үй - бүлөлук спорттук оюндар аркылуу ата - эне- мугалим - окуучу байланышын чыңдайбыз аттуу иш-чара
Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-сай шаарчасында жайгашкан № 2 К.Кенжекулов жалпы билим берүүчү орто мектебинде 8-январь күнү спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты: • Жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кам көрүү • Мугалим-ата-эне байланышын чыңдоо • Окуучулардын бош убактыларын максаттуу пайдаланууга үгүттөө Бул мелдеште негизинен башталгыч класстары катышып,активдүү катышкан жана жеңүүчү деп табылган үй-бүлөлөр мектептин Ардак грамоталары жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары менен ал эми балдар “Кыргыз эл жомоктору”аттуу китепчелер менен сыйланышты. Жалпы ата-энелер уюштуруу комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
10.01.2020 1237 Кесиптик бирлик региондордоЛучшие учителя, детсады, школы и студенты 2019 года
По итогам конкурса «Сердце отдаю детям-2019» были определены победители в номинации «Лучший учитель года». В этот список вошли 9 учителей из разных регионов республики. - Тологонов Баяз Мойдинович — учитель английского языка, средняя школа им. А.Осмонова Панфиловского района Чуйской области; - Сыдыкова Астрагул Нурдубековна — учитель физики, средняя школа им. К.Каримова Ноокатского района Ошской области; - Лебедева Светлана Владимировна — учитель начальных классов, школа-комплекс им. А.Осмонова Иссык-Кульского района;
10.01.2020 1205 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жаңы жылды тосушту
Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин кесип бирлик мүчөлөрү кирип келаткан жаңы жылды тосушту. Райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвызнос, айылдагы демөөрчүлөр тарабынан берилген акча каражаты, салтанатты өткөрүүгө жумшалды. Мугалимдер чакан концерттик программа даярдашып, тартуулашты. Кирип келе жаткан жаңы 2020-жыл тынчтыктын, токчулуктун, жылы болсун. Иштерибизге талыкпаган эмгек, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап мектеп директору сөз сүйлөдү. Мектептеги окуучулар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Социалдык жардамга муктаж болгон окуучулар үчүн,акимдин арча майрамы уюштурулду. Республика боюнча кесип бирлик мүчөлөрүн жаңы жылы менен куттуктап кетем.
30.12.2019 457 Кесиптик бирлик региондордоӨнөктөштүк өркүндөөдө
2019-жылдын 17-декабрь күнү Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге 2019-2020-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар берилди. Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Эмгек жолун жаӊы баштаган Т.Асранов атындагы орто мектебинин физика мугалими Маматали кызы Жумагүлгө, Ж.Даликулов атындагы башталгыч мектебинин башталгыч класс мугалими Тешебаева Шахнозага жана Ж.Маматжанов атындагы орто мектебинин математика мугалими Мурзабекова Анарага Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев тарабынан жөлөкпулдар тапшырылды жана педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
30.12.2019 482 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз-бул тирөөчү, колдоочу, мугалимдердин ишеничи!
Таш-Көмүр шаарындагы №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчысынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. 2019-жылдын 20-декабрында №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы Б.Усенова жыл бою аткарылган иштери боюнча маалымат берди. №7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 42 мугалим 12 кенже кызматкер эмгектенет.Окуу жылынын башында түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде мугалимдер жумалык сааттар менен камсыздалган.Мектеп администрациясы тарабынан кенже кызматкерлерге шарттар түзүлуп берилген.Ошондой эле мугалимдер үчүн атайын ысык тамак жана эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган.
30.12.2019 741 Кесиптик бирлик региондордоЭРТЕҢКИНИ ОЙЛОСОК, АНДА БАЛДАРБЫЗГА КАМ КӨРӨЛҮ!
Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда эмгектенген жалпы эмгек жамааттын жаш балдарына жана неберелерине арналып, окуу жай жетекчилиги тарабынан жаңы жылдык балаты уюштурулду. Аталган майрамдык кечеге ОГПИнин ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган ректорат жамааты, окутуучулар жана административдик чарба кызматкерлери өз балдары менен катышышты. Иш чара оюн - зоок, жомоктор жана ыр-бийлер менен коштолуп, жаш жеткинчектерге жогорку маанайдагы балаты тартууланды. Мында аяз ата, аяз кыз жана балдар үчүн өзгөчө кызыгууну жараткан түрдүү жаныбарлардын катышуусунда таасирдүү жомоктор аткарылып, катышуучулар арасында жаңы жылдык мыкты маанай жарата алышты. Кеченин соңунда окуу жай жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан аяз атанын белектер, таттуулар ырасталып, бардык жеткинчектерге тапшырылды.
30.12.2019 457 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети жыл жыйынтыгын чыгарды
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 2019-жылдын 25-декабрында жыйынтыктоочу президиумун өткөрүп, аткарган иштери боюнча маалымат берилди.Ошондой эле Жаштар кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жыл бою жаштар менен биргеликте алып барылган иш-чаралар боюнча кеңири баяндама жасалды.
26.12.2019 427 Кесиптик бирлик региондордоСанарип дүйнөдө жана бизде
2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерди жыйынтыктоо, мугалимдердин, усулдук бирикме жетекчилеринин компьютердик сабаттуулугун, техникалык каражаттар менен иштөөсүн өркүндөтүү, чыгармачылык деңгээлин, адистик чеберчилигин арттыруу, өз алдынча изденүүчүлүгүн өстүрүү максатында "Санарип дүйнөдө жана бизде" аталышындагы конференция болуп өттү. Анда Ноокен районунун акими Э.Маматаев, орун басары З.Юлдашева, Ноокен районунун прокурору З.Джумабеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Борбиева, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, райондогу билим берүү мекемелеринин директорлору, жаштар катышышты.
26.12.2019 586 Кесиптик бирлик региондордоАкимдин балаты майрамы өткөрүлдү
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда тоголок жетим, жарым жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана мыкты окуган окуучулар үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынынбашчысы –аким Омошев Эрмекбай Алянович кирип келе жаткан жаны жылга карата балаты майрамын уюштуруп , түшкү тамагын берип , жаны жылдык белектерин берди . Акимдин балаты майрамына 260 окуучу катышты. Бул майрамга Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев , райондук мекемелердин жетекчилери , айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү да катышышты .
26.12.2019 605 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда окуучулар долбоорлор менен иштеп жатышат
2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылына карата, ар кандай долбоорлор иш жүргүзүшүп келе жатышат. Аксы районунда чек арага жакын жайгашкан мектептердин окуучуларын сурамжылоо жүргүзүп, айылдагы көйгөйлөр тууралуу маалымат алышты. Активдуу катышкан окуучулар үч күн Кочкор-Ата шаарында, долбоордун негизинде окуп келишти. Бул долбоордо жактырылган проекттер тандалып алынып, айылдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн финансылык каражаттарды бөлүп беришет. Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин окуучулары, айылды алдыга көтөрө турган көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп жатышат. Тынымсыз изденүү менен көптөгөн ийгиликтерди жаратышат. Окуучуларыбызга ийгилик каалайбыз.
26.12.2019 442 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгындагы жаштарга жаңы саамалык
2019-жылдын 23-декабрында Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгында жакшы саамалык болуп өттү.Бул аймактык башкармалыкта №9 А.Осмонбеков атындагы мектеп эле бар болгон болсо, быйылкы жылдын эсебинен №9 “Ай-Данек” бала бакчасы жана кичи футбол аянтчасынын пайдаланууга берилиши жаш өспүрүмдөрдү кубанычка бөлөдү. Аземге Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиев,шаардык кеңештин төрагасы С.Кудайбергенов,Теңдик аймактык башкармалыгындагы аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү,окуучулар,жалпы эле жаштар катышышты.
26.12.2019 464 Кесиптик бирлик региондордо