Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгындагы жаштарга жаңы саамалык

2019-жылдын 23-декабрында Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгында жакшы саамалык болуп өттү.Бул аймактык башкармалыкта  №9 А.Осмонбеков атындагы мектеп эле бар болгон болсо, быйылкы жылдын эсебинен   №9 “Ай-Данек” бала бакчасы жана кичи футбол аянтчасынын пайдаланууга берилиши жаш өспүрүмдөрдү кубанычка бөлөдү.

Аземге Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиев,шаардык кеңештин төрагасы С.Кудайбергенов,Теңдик аймактык башкармалыгындагы аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү,окуучулар,жалпы эле жаштар катышышты.

Бул кичифутбол аянтчасына жалпы 2 947 871 сом чыгымдалса анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 520 213 сом акча каражат жумшалган.

 

Материалды даярдаган:  

Э.Ж.Эгизалиева