Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоодо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоодо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоо максатында жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата, жыл башынан тартып мектептерде жалпы ата-энелер чогулуштары, “Энелер мектеби” боюнча семинарлар жана башка иш чаралар өткөрүлүп келүүдө. Мисалы, А.Навои атындагы орто мектебинде 2020-жылдын 31-январында жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка ЖКК кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүм балдар менен иштеген милиция кызматкери, врач-эпидемиолог жана мектеп дарыгери катышты. Чогулушту баштоо алдында быйылкы 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында коомдук ишмер И.Раззаковдун 110жылдыгы, Советтер Союзунун Баатыры С.Садыковдун 100 жылдыгы белгиленип жаткандыгын, мына ошол маарекеге арналган даярдыктар мектепте да жүрүп жаткандыгы айтылды. Андан соң, ата-энелер үчүн жагымдуу маанай тартулоо катарында башталгыч класстар тарабынан даярдалган бий, 8-класстардын аткаруусунда С.Садыковдун эрдигинен кыскача көрүнүш көрсөтүлүп, обондуу ырлар аткарылды. Чогулушта негизинен окуу, тарбия иштериндеги жарым жылдыктын жыйынтыгы, чогулушка катышкан тиешелүү кызматкерлер тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу, жашы жете элек өспүрүм балдар менен иш алып баруу, жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, күн тартибиндеги маселелер каралды. Ал эми, “Тогуз -Булак” орто мектебинин ата-энелер чогулушунун башкалардан өзгөчөлүгү чогулуш жыйынтыкталгандан соң энелерден түзүлгөн командалар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Д.Жороев атындагы орто мектебинде болсо, “Баланы коргоо жана колдоо” темасында докладдар окулуп, слайддар көрсөтүлдү. “Ак-Суу” жалпы билим берүү мекемесинде жалпы ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн, соц. адистин, аялдар кеңешинин төрайымынын катышуусунда өткөрүлгөн чогулушта мектеп окуучуларынын автоунаа айдоосуна тыюу салуу жана мектепте акылдуу мектеп долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды. Мындай ата-энелер чогулуштары, деги эле ушул сыяктуу иш чаралардын өткөрүлүшү терс көрүнүштөрдү алдын алууга, балдарды колдоого чоң өбөлгө болуп, региондорду өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө салымын кошуп, ата-энелердин мектеп менен болгон байланышын арттырат.

 05.02.2020      648       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин студенттери АМЕРИКАДАН КЕЛГЕН ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТААСИРДҮҮ САБАКТАРды алышууда

ОГПИнин студенттери  АМЕРИКАДАН КЕЛГЕН ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТААСИРДҮҮ САБАКТАРды алышууда

2019-жылдын декабрь айынан тарта Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Америка Кошмо Штатынан атайын ыктыярчылар келип, студенттерге англис тилин жакындан үйрөтүп жатышат. Келген адистер атайын келишимге ылайык окуу жайдын Гуманитардык факультетинде ишмердүүлүк жүргузүшүп, англис тили адистигинде окуган жана тил үйрөнүүгө кызыктар студенттерге чет тилин өздөштүрүүгө багытталган түрдүү сабактарды өтүшүүдө.

 04.02.2020      437       Кесиптик бирлик региондордо

Зордук-зомбулуксуз жашоо

 Зордук-зомбулуксуз   жашоо

Кадамжай районуна караштуу Орозбеков а йылындагы «Күлдү» орто мектебинин чон залында «Биз зордук-зомбулука каршыбыз» деген темада окуучулар арасында иш чара болуп үттү. Иш чарага билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, раайондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сакрымсаков, окуучулар жана мугалимдер катышты. Иш чаранын максаты жаш өспүрүм балдарды зордук-зомбулуксуз жашоону үйрөтүү жана туура тарбия берүү. Мектеп окуучулары иш чаранын жүрүшүндө театрлаштырылган чакан концерттик программаларын аткарып беришти. Райондук профсоюз комитетинин төрагасы иш чараны жогорку деӊгээлде уюштурулгандыгын айтып иш чараны жыйынтыктады.

 04.02.2020      715       Кесиптик бирлик региондордо

ЖКнын депутаты Айнура Алтыбаева Оштогу ЖОЖдор менен таанышып чыкты

ЖКнын депутаты Айнура Алтыбаева Оштогу ЖОЖдор менен таанышып чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош шаарында иш сапары менен болуп, аны менен бирге Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, окуу жай жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор акыркы учурда институтта жүрүп жаткан кызуу иштер боюнча маалымат берүү менен, жаңы ачылыштар, жаңы жылдагы ишке ашкан өздүк жылуулук берүүчү борбордун курулушу, усулдук борборлордун ачылышы менен жакындан таанышып чыгышты. Жалпы иштин жыйынтыгын көргөн депутат окуу жайдагы өнүгүү - өз жолунда баратканын жана көзгө көрүнө турган, алгылыктуу иштер ишке ашканына баа берип, эл өкүлү катары мугалимдерге ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

 04.02.2020      442       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугуна кам көрүлдү.

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугуна кам көрүлдү.

Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитети тарабынан ардагер мугалимдерге акысыз Жалал-Абад санаториясына жолдомолор берилди.Алардын арасынан Н.Мамбетов атындагы орто жалпы билим берүүчү мектебинде, көп жылдан бери иштеп келе жаткан мугалимдер Турсунбекова Сулайка,Сапаралиева Гулумбу эжекелер жолдомо алышты.Жолдомо райондук профсоюз комитети тарабынан берилди.Ден соолугун чыңдоо үчүн арыз менен кайрылган бул мугалимдер учурда Жалал-Абад санаториясында 10 күндүк кыска мөөнөттүү дарыланууда.

 03.02.2020      422       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарынын профсоюзун өнөктөштөр жакшы колдойт.

Баткен шаарынын профсоюзун өнөктөштөр жакшы колдойт.

Баткен шаарынын мэриясы (мэр Мамыржан Рахимов), Баткен шаардык билим берүү бөлүмү (башчысы Абдила Ахматбеков), билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым Мактым Калыкова) ортосунда 2020-2022-жылдарга үч тараптуу макулдашуу түзүлдү. Макулдашууга кол коюу салтанаты официалдуу өткөрүлүп, ага Баткен шаардык Кенешинин төрагасы Алмазбек Абдибаапович Ташбеков жана шаар жетекчилери катышышты. Макулдашуунун юридикалык күчүн бекитүү үчүн макулдашуу шаардык Кенешке каттоого коюлду.

 03.02.2020      470       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ. ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ

ОГПИ. ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ

2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда заманбап үлгүдөгү усулдук борборлор ачылды.

 31.01.2020      512       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-көк тиреген мунардайсың, Мугалим-бутак жайган чынардайсың.

Мугалим-көк тиреген мунардайсың,     Мугалим-бутак жайган чынардайсың.

Өмүрү билимге сугарылган мугалим,окуучулардын экинчи энеси,жаш кадрдын насаатчысы,жол көрсөтүүчүсү,жаңы идеалардын ээси,новатор эң жөнөкөй инсан Берикбаева Сейилбүбү Саламатовна,Сизди Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин атынан кутман курак 65 жашыңыз менен чын жүрөктөн куттуктап,чың ден соолук,үй-бүлөлүк бакыт,ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

 31.01.2020      739       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жетекчи баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинарына катышты.

Жаңы жетекчи баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинарына  катышты.

2019-жылдын 30-январь күнү Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө жайгашкан № 1 Ж. Бөкөнбаев атындагы инновациялык мектебинин базасында “Баштапкы кесиптик уюмдарда маалыматтык иштерди жолго коюу” темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинары болуп өттү.

 31.01.2020      466       Кесиптик бирлик региондордо

Таш –Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалим Бирикбаева Сейилбүбү эжекебиз быйыл 65 жашта.

Таш –Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалим Бирикбаева Сейилбүбү эжекебиз быйыл 65 жашта.

Мектептин баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Г.Молдалиева тарабынан атайын кече өткөрүлүп жалпы жамаат менен Сейилбүбү Саламатовнага чың ден соолук,иштерине ийгилик,үй-бүлөлук бакыт каалады

 31.01.2020      645       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профсоюз мүчөлөрүнө профсоюздук билеттерди тапшыруу

Жаш профсоюз мүчөлөрүнө профсоюздук билеттерди тапшыруу

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы № 90 Манас атындагы жалпы билим берүүчү инновациялык орто мектептин жаш профсоюз мүчөлөрүнө Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э. Аназаров жана райкомдун алдындагы Жаштар кенешинин төрайымы А. Сулаймановалар профсоюздук билеттерди тапшырышты жана аларга профсоюз мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары жөнүндө маалымат беришти.

 31.01.2020      546       Кесиптик бирлик региондордо