Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-көк тиреген мунардайсың, Мугалим-бутак жайган чынардайсың.

Мугалим-көк тиреген мунардайсың,

    Мугалим-бутак жайган чынардайсың.

Өмүрү билимге сугарылган мугалим,окуучулардын экинчи энеси,жаш кадрдын насаатчысы,жол көрсөтүүчүсү,жаңы идеалардын ээси,новатор эң  жөнөкөй инсан Берикбаева Сейилбүбү Саламатовна,Сизди Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин атынан кутман курак 65 жашыңыз менен чын жүрөктөн куттуктап,чың ден соолук,үй-бүлөлүк бакыт,ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

              Мезгил барактары баракталган сайын  техникалык өзгөрүүгө дуушар болууда.Технологиянын өнүгүшү санарип мугалимди талап кылат.Сейилбүб Саламатовна жашым улгайды деп кол куушуруп отурбастан жаш муундан артта калбай жаңы технологияны тынбай өздөштүрүүнүн үстундө.2017-жылы ЖЧК “Эркин ОПК” окутуу борборунун “Жеке компьютер оператору”кесибине ээ болуп, №00942 сертификаты ыйгарылды.Эжекенин сабактары интерактивдүү усулдар менен технологиянын айкашы менен өткөрүлөт.

                  Класс жетекчи,тарбиячы катары балдардын жан дүйнөсүнө аяр мамиле жасап алардын сүйүктүү мугалимине,идеалына айланып,балдардын кыялы менен кошо эргип сабак өтүүдөн талбай келет.

 Сейилбүбү Саламатовна Берикбаева өз кесибинин чебери катары эмгек жолунда көптөгөн ийгиликтерди багындырып,билим берүү тармагына салымын кошуп келет.Баланын кыялы менен жашоо жана алардын келечегине таасир этүү аркылуу көптөгөн өздүк иштеп чыгуулардын,илимий эмгектердин,ойлоп табуулардын,жарыялоолордун дагы ээси.

1974-1979-жж.Пржевальск мамлекеттик институту,

Математика факультетин аяктап 1979-жылы эмгек жолун

Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылдык №17 М.Сыдыков атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп баштаган.2019-жылдан баштап жана азыркы учурга чейин  Таш-Көмүр шаарына караштуу №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде математика мугалим болуп эмгектенип келет.

     Сейилбүбү Саламатовнанын өздүк иштеп чыгуулары жана илимий эмгектери,ойлоп табуулары. 

  1. Кут билим» газетасы 2004-ж. №6 саны, “Арак улутту жок кылат”;
  2. «Кут билим» газетасы 2008-ж. №5 саны, “Мен уулумун шамал жиреп өскөн кыргыздын”;
  3. «Дил» газетасы 2010-ж. №5 саны, “Дилибиз да, тилибиз да таптаза”;
  4. «Кут билим» газетасы 2010-ж. №35 саны, “Дилибиз да, тилибиз да таптаза”;
  5. «Кут билим» газетасы 2011-ж. №4 саны, “9-май Жеңиш күнү”;
  6. «Кырчын» журналы 2012-ж. №1 жана №2 саны,“Т.Касымбеков - жылдызы кыргыз тарыхынын”;
  7. «Кырчын» журналы 2014-ж. №5 жана №6 саны, “Өтүп кетти ээ, мынча тез”;
  8. «Дил» газетасы 30.01.2018-ж. №1 жана №2 саны,“Биз сыймыктанган инсан”;
  9. «Кут билим» газетасы,

март 2018-ж. ,“ Манас-Кыргыз руху, Теңир уулу”;

  1. «Дил» газетасы 30.04.2018-ж. №7 жана №8 саны,“ Манас, Кыргыз рухунун туу чокусу”;
  2. «Мугалимдер дүйнөсү» газетасы 30.04.2018-жылдагы №07(119) саны, “Дүйнөнү дүңгүрөтүп арабызда, Жашай бер сен түбөлүк Чыңгыз ага! ”;
  3. «Дил» газетасы 17.12.2018-ж. №17 жана №18 саны,“Ааламга аңыз болгон Айтматов 90 жашта”;
  4. Кыргыз жазуучулар Союзунун мүчөсү А.Калбаевдин “Окуучуларымдын балдарын окутуп жатам” Очерки,

  С.Берикбаеванын иштеген иши жөнүндө басылып чыккан;

  1. Профессор С.Рысбаевдин “Тарбия берүү- улуу иш” китеби,

“Мен уулумун шамал жиреп өскөн кыргыздын”;

15.«Кут билим сабак» газетасы №12 саны, 20.12.2019ж. “Математика акылды өстүрөт, а мен акылдуу болгум келет”

     Класстык чендери жана наамдары

  1. Ак-Жол айылынын “Ардактуу Атуулу” VI чакырылышынын 4-сессиясынын №6 Токтому;
  2. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардагер мугалим” төш белгиси 24.06.2014-ж. Буйрук №78;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эл агартуунун отличниги »төш белгиси 1997-ж;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ардак белгиси» төш белгиси 2017-ж. №24.
  5. “Мыкты тарбиялык саат”номинациясы боюнча Т.Тыныбековдун 90 жылдыгына карата юбилейлик медаль

 

                                 Алган сыйлыктары

  1. М.Сыдыков орто мектебини 11 жана Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  4 жолу «Ардак грамотасы»;
  2. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы»1996ж;
  3. Жалал-Абад областтык билим берүү жана маданият башкармалыгынын 1-даражадагы диплому 1997-ж;
  4. Аксы райондук администрациясы жана Аксы райондук Кеңешинин «Ардак грамотасы» 2004-ж;
  5. Кыргыз Республикасынын Билим, илим министрлигинин «Ардак грамотасы» 2007-ж;
  6. Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын«Ардак грамотасы» 2008-ж;
  7. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасы» 2009-ж;
  8. Т.Касымбековдун 80 жылдык мааракесинде «Мыкты тарбиялык саат» номинациясы үчүн«Ардак грамота» 2011-ж;
  9. Аксы райондук Кеңешинин «Ардак  грамотасы» 2012-ж.
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ардак грамотасы» 2017-ж.   №24.

10-класстын окуучулары менен ачык сабактан кийин.

 

Материалды даярдаган:  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  төрайымы  Э.Ж.Эгизалиева