Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарынын профсоюзун өнөктөштөр жакшы колдойт.

Баткен шаарынын профсоюзун өнөктөштөр жакшы колдойт. Баткен шаарынын мэриясы (мэр Мамыржан Рахимов), Баткен шаардык билим берүү бөлүмү (башчысы Абдила Ахматбеков), билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым Мактым Калыкова) ортосунда 2020-2022-жылдарга үч тараптуу макулдашуу түзүлдү. Макулдашууга кол коюу салтанаты официалдуу өткөрүлүп, ага Баткен шаардык Кенешинин төрагасы Алмазбек Абдибаапович Ташбеков жана шаар жетекчилери катышышты. Макулдашуунун юридикалык күчүн бекитүү үчүн макулдашуу шаардык Кенешке каттоого коюлду. 2020-2022-жылдарга түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык билим берүү кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, укуктарын коргоо боюнча бир топ пункттар киргизилди. Макулдашуунун Экономикалык жана социалдык коргоо бөлүмүндө Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамынын 8-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жылда бир жолу коммуналдык чыгымдар үчүн ар бир мугалимге 500 сомдон төлөнүп берилет, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 жылга 210 000 сом. (420 мугалим, тарбиячыга). Мурдагы макулдашууда ар бир мугалимге 300 сомдон төлөнчү. Шаарда иштеп жаткан мугалим,тарбиячылардын балдар бакчаларына төлөнүүчү төлөмүнө ай сайын 25% же болбосо, 200 сомдон женилдиктер берилет. Окуучулары предметтик олимпиаданын областтык, республикалык турларында женүүчү болгон мугалимдерге акчалай 5000 сомдон 15000 сомго чейин акчалай колдоолор көрсөтүлөт. Укуктук коргоо, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу бөлүмүндө 1.Эмгек Кодексинин 133-бер.ылайык кызматкердин ден соолугуна, жакын туугандарынын каза болгонуна же оорулуу үй бүлө мүчөсүн кароо үчүн кызматкерге эсгек акысыз 30 календардык күнгө өргүү берилет. 2.Билим берүү мекемелерин ар кандай мыйзамдар, нормативдик документтер, усулдук материалдар менен камсыз кылуу үчүн.