Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

15-20-февраль күндөрү Ноокен районундагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдары жана жаштар кеңештери тарабынан 15-февраль Афганчылар күнү жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Анда концерттик программалар тартууланып, тегерек столдор, спорттук мелдештер уюштурулду. Иш чараларга афган согушунун, Баткен, Чернобль окуяларынын катышуучулары чакырылды. Андан сырткары Ноокен райБББнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышышты. Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча 10-11-класстарынын окуучулары өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

 21.02.2020      688       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду

Аксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду

2020-жылдын 18-февралында Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитетинин аткарган иштери боюнча бир жылдык отчетун берди. Райондук комитеттин төрагасы Сагын Камчыбеков бул кызматта иштегенине 3 жылдын жүзү болду. Ар жылы аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берип, алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча айтып өттү. 2019-жылда комитетте алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн коопсуздугуна,ден соолугуна,иштеген иш орундарына көңүл бурулуп келет.22 мүчө ден соолугун чыңдоо үчүн санаторияларга жолдомо менен барып, эс алышты. 12кесип бирлик мүчөлөрү материалдык жардам көрсөтүлдү, 25 эң мыкты иштеген мүчөлөр Ысык-көлгө эс алууга жиберилди. Кароо сынактардын жеңүүчүлөрү да белектерге ээ болушту. Райондук профсоюздар бөлүнгөн профвызностор туура багыттарга бөлүштүрүлгөн. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты профсоюз уюму" деген конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык, грамоталар менен сыйланышты. Профсоюз уюмунун алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы байкалды.

 21.02.2020      429       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында профсоюз лидерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 517 токтому менен бекитилген нускама боюнча окутулду

Баткен  шаарында  профсоюз  лидерлери  Кыргыз Республикасынын     Өкмөтүнүн № 517 токтому менен бекитилген нускама боюнча   окутулду

2020-жылдын 11-февралында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин базасында мектеп жана балдар бакчаларынын директорлору,баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары, окуу бөлүмүнүн башчылары, иш кагаз жүргүзүүчүлөр жалпысынан 42 кишиге билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин демилгеси менен окутуу семинары өткөрүлдү. Семинарды уюштуруунун максаты: проф.лидерлердин иш кагаздарды туура жүргүзүү үчүн сабаттуулугун жогорулатуу, Бузуулар Кодексине түш болбоо жана проф.лидерлердин активдүүлүгүн жогорулатуу.

 21.02.2020      492       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаары 20-февральда Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн өткөрдү

Баткен  шаары  20-февральда  Бүткүл  дүйнөлүк   социалдык   адилеттүүлүк  күнүн   өткөрдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февраль “Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү” деп жарыялагандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы “Социалдык адилеттүүлүк дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” № 110 токтомуна ылайык Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде 2020-жылдын 10-февралынан 10-мартына чейин Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жарыяланган. Профсоюз мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык кепилдиктер жөнүндө туура маалымат берүү, көйгөйлүү суроолорго жооп алуу жана ар бир билим берүү кызматкеринин маалыматтуулугун жогорулатуу, проф.активисттердин ишин жандандыруу максатында Баткен шаардык комитети В.И.Ленин орто мектебинде 67 профсоюз мүчөсүнүн катышуусу менен ачык эшик күнүн өткөрдү.

 21.02.2020      737       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында ШБББнүн бала бакчаларынын башчылары менен жолугушуу болду

Таш-Көмүр шаарында ШБББнүн бала бакчаларынын башчылары менен жолугушуу болду

Таш-Көмүр шаарындагы №2 “Ак-Кайың” бала бакчасында 20.02.2020 шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Г.Эргешова,башкы бухгалтер Б.Молдомуратова,жетектөөчү адис Асилбек кызы Жыпар,билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Э.Ж.Эгизалиева менен жолугушуу болуп өттү.Бул жолугушууда быйылкы “2020-жыл өлкөн санариптештирүү,аймактарды өнүктүрүү жана балдарды коргоо жылына” карата аткарыла турган иштер жөнүндө,ошондой эле балдардын коопсуздугун коргоо иретинде видео-көзөмөлдү бала бакчаларда ишке ашыруу,айлык акынын электрондук жолго өтүүсү,техникалык жана өрт коопсуздугун сактоодогу алып барылуучу иштер боюнча талкуу болду.

 21.02.2020      406       Кесиптик бирлик региондордо

“Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде аймактык ачык сабактар жана өтүлгөн сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

“Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде аймактык ачык сабактар жана өтүлгөн сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

2020-жылдын 17-февралында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебинде Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Айрыбаз, Кыргызстандын 10 жылдыгы, Сатаров, С.Баюми, С.Тажибаева, Сары-Алтын жана Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 Д.М.Карбышев, №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы, №4 А.С.Пушкин, №5 Ч.Айтматов, №6 Токтогул, №7 Т.Иметов, №8 А.Навои, №9 У.Гулматов, №10 А.П.Гайдар, №11 М.Куренкеев, №12 А.Осмонов, №13 И.Абдрахманов атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу багытындагы аймактык ачык сабактар жана сабактарды талдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге “Келгиле окуйбуз” долбоорунун Баткен областтык координатору, областтык билим берүү усулдук борборунун башкы адиси О.Эркебаев жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары чакырылды.

 21.02.2020      600       Кесиптик бирлик региондордо

АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

АРДАГЕРЛЕР  МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ

Ош областтык райшаар жана окуу жайларда билим берүү тармагында иштеген Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда Областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев куттуктоо сөз сүйлөп, ардагерлерге ден-соолукту, жеке турмушунда жетишкендиктерди, жаштарды тарбиялоодо ийгиликтерди каалады. Ардагерлердин атынан М. Жаныбеков, Т.Анарбаев, А. Абдибаевдер сөз сүйлөшүп, профсоюз уюму кызматкерлердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоочу, калыс, элдик уюм экендигин дагы бир жолу көрсөтүп, область боюнча топтоп, бир бирибиз менен учурашып, баарлашууга, өткөн күндөрүбүздү эстеп, кайтпай калган куралдаштарыбызды эскерүүгө шарт түзүп берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүп жаткандарыёыздарга абдан ыраазыбыз деп билдиришти. Иш-чаарага область боюнча билим берүү тармагында иштеген 26 ардагер катышышты.

 21.02.2020      465       Кесиптик бирлик региондордо

Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу

Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу

2020-жылдын 14-февраль күнү Лейлек районунун Голбо айылындагы Кожояр Казыев атындагы орто мектебинде “Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу” аттуу темадагы семинар өткөрүлдү. Семинарга райондун мектептеринин окуу бөлүм башчылары жана ошондой эле, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын усулчулары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө мектептин орус тили мугалими Алдамуратова Айхан тарбынан “Анализ лирического произведения” , математика жана информатика мугалими Абдиева Гүлзат тарабынан “Олимпиадада жеңүүчү жылдап тандалат”, чет тили, тарых, химия мугалимдери тарабынан “Предметтер боюнча олимпиадага даярдоо усулдары” аттуу темадагы даярдалган ачык сабактар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучуларга чоң таасир берип, тажрыйба алмашуу жүрдү.

 21.02.2020      2549       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында “Англис тили –бүткүл дүйнөлүк өз ара баарлашуу” тили жумалыктары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында  “Англис тили –бүткүл дүйнөлүк өз ара баарлашуу” тили жумалыктары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында жылда салтка айланып калган англис тили жумалыгы болуп өттү.Бул жумалыкта ШБББнүн бардык мектептеринде чет тили мугалимдери бир жума бою англис тилинен сабактарды беришти.Атайын иш чаралар түзүлүп ар кандай ыкмадагы сабактар көрсөтүлдү.Англис жазуучуларынын китептеринен,окуучулардын өз күчү менен жазалган китепчелер,ыр китептер,сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду.Бул жумалыкта Шамалды-Сай шаарчасындагы №8 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими Т.Сарыкованын,№10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими,№3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин англис тили мугалими А.Токтогулованын сабактары алкоолорго татыды.

 21.02.2020      549       Кесиптик бирлик региондордо

Элдин ишенимине ээ болгон төрага

Элдин ишенимине ээ болгон төрага

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинде 2020-жылдын 13-февралында отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга 17 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынан 21 делегат, ШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы, областтык комитеттин президиум мүчөсү А.Бердиев, шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышышты. Конференцияда Сүлүктү шаардык комитеттин төрагасы К.С.Кудаяровдун 2015-2020 жылдарга аткарылган иштеринин отчету, финансылык ишмердүүлүгү боюнча текшерүү комиссиясынын отчету угулду.

 20.02.2020      452       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында Ооган согушунун катышуучуларына арнап иш чаралар өткөрүлдү жана №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде атайын кабинет ачылды

Таш-Көмүр шаарында Ооган согушунун катышуучуларына арнап иш чаралар өткөрүлдү жана №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде атайын кабинет ачылды

Таш-Көмүр шаарында Советтик Армиянын аскерлеринин чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата жана Ооган согушунун катышуучуларына арналып шаардык мэрия тарабынан жана жалпы мекемелер,билим берүү бөлумүнүн мекемелери менен биргеликте атайын иш-чаралар уюштурулду.Бул иш-чарага ылайык шаарыбыздын М.Ирсалиев атындагы эс алуу багынын чок ортосунда жайгашкан “Белгисиз солдат”эстелигине гүлчамбарлар коюлуу менен чакан концерттик программа менен коштолду.

 20.02.2020      742       Кесиптик бирлик региондордо