Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду

2020-жылдын 18-февралында Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитетинин аткарган иштери боюнча бир жылдык отчетун берди. Райондук комитеттин төрагасы Сагын Камчыбеков бул кызматта иштегенине 3 жылдын жүзү болду. Ар жылы аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берип, алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча айтып өттү. 2019-жылда комитетте алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн коопсуздугуна,ден соолугуна,иштеген иш орундарына көңүл бурулуп келет.22 мүчө ден соолугун чыңдоо үчүн санаторияларга жолдомо менен барып, эс алышты. 12кесип бирлик мүчөлөрү материалдык жардам көрсөтүлдү, 25 эң мыкты иштеген мүчөлөр Ысык-көлгө эс алууга жиберилди. Кароо сынактардын жеңүүчүлөрү да белектерге ээ болушту. Райондук профсоюздар бөлүнгөн профвызностор туура багыттарга бөлүштүрүлгөн. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты профсоюз уюму" деген конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык, грамоталар менен сыйланышты. Профсоюз уюмунун алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы байкалды.

 

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева