Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаары 20-февральда Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн өткөрдү

Бириккен  Улуттар  Уюмунун  Башкы  ассамблеясы 20-февраль  “Социалдык  адилеттүүлүктүн  Бүткүл  дүйнөлүк  күнү” деп  жарыялагандыктан, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы “Социалдык адилеттүүлүк дүйнөлүк  күнүн  өткөрүү  жөнүндөгү”  № 110 токтомуна ылайык Баткен шаарындагы  билим  берүү  мекемелеринде  2020-жылдын 10-февралынан 10-мартына  чейин  Социалдык  адилеттүүлүктүн  бир  айлыгын  өткөрүү  жарыяланган.

Профсоюз  мүчөлөрүнө мамлекеттик  социалдык  кепилдиктер жөнүндө   туура  маалымат берүү, көйгөйлүү  суроолорго  жооп алуу   жана ар бир     билим берүү кызматкеринин  маалыматтуулугун  жогорулатуу, проф.активисттердин  ишин  жандандыруу  максатында     Баткен шаардык  комитети  В.И.Ленин  орто мектебинде   67  профсоюз  мүчөсүнүн  катышуусу  менен  ачык эшик күнүн  өткөрдү.

Ачык  эшике  төмөнкү  мекеме  жетекчилери  катышышты :   Баткен шаардык билим берүү   бөлүмүнүн башчысы  А.Ахматбеков, социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы  А.Мамадеминов, соц.фонд  бөлүмүнүн  башчысынын орун басары А.Абдиев,  СЭС борборунун  башкы  адиси А.Балтабаев,  Калкты тейлөө борборунун директору  Г.Бакиева, ФОМС бөлүмүнүн  адиси А.Ажыбекова, Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери  Г.Кошуева , борборлоштурулган эсепкананын башкы эсепчиси  Э.Касымов жана башка эсепчилери, тийиштүү мекемелердин жооптуу  кызматкерлери.

Билим берүү  кызматкерлери  жогорудагы  мекеме  ишканалардын  жарандарга  көрсөткөн  кызматтары  боюнча  кенири  маалымат  алып, өздөрү  кызыккан жана  жеке турмуш-тиричилик  шартында  көйгөй  жараткан  суроолоруна  жооп   алышты.  Айрыкча Милдеттүү  медициналык  камсыздандыруу  боюнча  суроолор, дарыгерге  кайрылгандагы  ак халатчандардын   орой  мамилелери, көп дары-дармектердин  стационарда  дарыланган  кишиге  акысыз  берилбей жатышы  жөнүндө   суроолор, талкуулар кызуу  жүрдү.

Профсоюз  мүчөлөрү  ачык эшик күнүн уюштурган  билим берүү кызматкерлеринин  шаардык  профсоюз  комитетине (төрайым  М.Калыкова) ыраазылык  билдиришип, жакшы  маанилуу  маалыматтарды  алгандыктарын  билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Калыкова Мактым