Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу

2020-жылдын 14-февраль күнү Лейлек районунун Голбо айылындагы Кожояр Казыев атындагы орто мектебинде “Окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо мугалимдин ролу” аттуу темадагы семинар өткөрүлдү.

Семинардын максаты:

  1. Окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоодо алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу;
  2. Мугалимдерге усулдук көмөк көрсөтүү;
  3. Мугалимдердин тажрыйбасына анализ жана баалоо жүргүзүү.

Семинарга райондун мектептеринин окуу бөлүм башчылары жана ошондой эле, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын усулчулары катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө мектептин орус тили мугалими Алдамуратова Айхан тарбынан “Анализ лирического произведения” , математика жана информатика  мугалими Абдиева Гүлзат тарабынан “Олимпиадада жеңүүчү жылдап тандалат”, чет тили, тарых, химия   мугалимдери тарабынан “Предметтер боюнча олимпиадага даярдоо усулдары” аттуу темадагы  даярдалган ачык сабактар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучуларга чоң таасир берип, тажрыйба алмашуу жүрдү.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева