Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Элдин ишенимине ээ болгон төрага

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинде 2020-жылдын 13-февралында отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияга 17 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынан 21 делегат, ШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы, областтык комитеттин президиум мүчөсү А.Бердиев, шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Конференцияда Сүлүктү шаардык комитеттин   төрагасы К.С.Кудаяровдун 2015-2020 жылдарга аткарылган иштеринин отчету, финансылык ишмердүүлүгү боюнча текшерүү комиссиясынын отчету угулду.

Жарыш сөзгө чыгышкан делегаттар жана коноктор комитеттин төрагасы К.С.Кудаяровдун ишин канааттандырарлык деп баалашып, аткарылган алгылыктуу иштерин белгилеп кетишти.

Негизги өнөктөш болгон аардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов биргелешкен өнөктөштүк мамилелеринин жыйынтыктарына токтолуп, мындан кийинки максаттары жана жасала турган иштерине токтолду.

Шаардык комитеттин төрагасы К.Кудаяровдун жана текшерүү комиссиясынын отчетторун канаатттандырарлык деп бир добуштан токтом кабыл алышты.

Андан кийин шаардык комитеттин 11 кишиден турган жаңы курамын жана 5 кишиден турган президиумунун курамын бекитишти.

Ал эми кийинки 5 жылга шаардык комитетинин төрагалыгына кайра эле К.С.Кудаяровдун талапкерлигин сунушталып, бир добуштан ишеним көрсөтүштү.

Конференция шаардык комитет тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулардын жана делегаттардын жылуу пикирлерин жаратты.

Кайра шайланган төраганы куттукташып ишине ийгиликтерди каалоо менен конференция  жыйынтыкталды.

 

Билим жини илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитеттин 

пресс катчысы

Н.Аблакулова