Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Ош  областтык  райшаар жана  окуу  жайларда билим берүү  тармагында  иштеген  Афган  согушунун  ардагерлери менен  жолугушуу  уюштурулду.  Жолугушууда  Областтык  профсоюз  комитетинин  төрагасы С.Тойгонбаев  куттуктоо сөз сүйлөп,  ардагерлерге  ден-соолукту, жеке турмушунда  жетишкендиктерди, жаштарды тарбиялоодо  ийгиликтерди  каалады.

Ардагерлердин атынан М.Жаныбеков,  Т.Анарбаев, А.Абдибаевдер сөз сүйлөшүп,  профсоюз  уюму  кызматкерлердин  укуктарын, кызыкчылыктарын коргоочу,  калыс, элдик уюм экендигин  дагы бир  жолу  көрсөтүп,  область  боюнча  топтоп,  бир бирибиз менен  учурашып,  баарлашууга,  өткөн  күндөрүбүздү  эстеп, кайтпай калган  куралдаштарыбызды  эскерүүгө шарт түзүп берип, моралдык   жактан  колдоо  көрсөтүп жаткандарыёыздарга  абдан ыраазыбыз  деп  билдиришти.  Иш-чаарага  область  боюнча  билим берүү  тармагында  иштеген 26 ардагер  катышышты.   

 

Материалды даярдаган:

Тойгонов Сабыр