Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

15-20-февраль күндөрү Ноокен районундагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдары жана жаштар кеңештери тарабынан 15-февраль Афганчылар күнү жана  23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата  бир катар иш чаралар өткөрүлдү.

Анда концерттик программалар тартууланып, тегерек столдор, спорттук мелдештер уюштурулду.

Иш чараларга афган согушунун, Баткен, Чернобль окуяларынын катышуучулары чакырылды.

Андан сырткары Ноокен райБББнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышышты.

Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча   10-11-класстарынын окуучулары  өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

Келген конокторго каалоо-тилектер айтылып, белектер тапшырылды жана сый тамак уюштурулду.

 

Ноокен райкомунун алдындагы 

жаштар кеңешинин катчысы

Ф.Акматова