Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында “Англис тили –бүткүл дүйнөлүк өз ара баарлашуу” тили жумалыктары өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарында жылда салтка айланып калган англис тили жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыкта ШБББнүн бардык мектептеринде чет тили мугалимдери бир жума бою англис тилинен сабактарды беришти. Атайын иш чаралар түзүлүп ар кандай ыкмадагы сабактар көрсөтүлдү. Англис жазуучуларынын китептеринен, окуучулардын өз күчү менен жазалган китепчелер, ыр китептер, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Бул жумалыкта Шамалды-Сай шаарчасындагы №8 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими Т.Сарыкованын, №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими, №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин англис тили мугалими А.Токтогулованын сабактары алкоолорго татыды.

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева