Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

1992-жылы 3-мартта – Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл Туусунун күнү. Бул 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхый учурда болгон. Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер болуп саналат. Бүгүн 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу күнүнө карата Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айыл аймагындагы «А.Жомий» атындагы орто мектебинде, Мин-Чынар айыл аймагындагы «Мин-Чынар» башталгыч мектебинде, Советское айыл аймагындагы №21 «Кан» орто мектептеринде жана Чон-Кара айыл аймагына караштуу «Чон-Кара» орто мектептеринде иш-чара болуп өттү.

 09.03.2020      946       Кесиптик бирлик региондордо

«Элимдин эртени-эне тилинде»

  «Элимдин эртени-эне тилинде»

21- февраль Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган, дал ошол 21-февраль–Дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган иш чара Кадамжай районунун Майдан   айыл  аймагындагы Исфайрам орто мектебининде да болуп өттү. Аталган иш чарага Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сарымсаков, мектептин мугалимдеринин катышуусунда өттү. Иш чараны  Мамытова Айгүл «Элимдин эртени-эне тилинде »- деген темада 3-а классынын окуучулары менен биргеликте өткөрдү. иш чаранын башынды окуучуларды эки тайпага бөлүп биринчи тайпа боз үй экинчи тайпа калпак деп аталды. Иш чаранын жүрүшүндө эки тайпа бири-бири менен макал айтышып жарышышты андан соӊ мугалим чыгып окуучуларга  ата-бабаларыбыздан калган каада-салттарды, үрп адаттарды, ырым-жырымдарды, көргөзмо куралдарды жана балдар бала чагынан эле ата-энесинин жардамчысы жана жөлөк-таягы болуп, күнүмдүк оокатка кол кабыш кылып келгенин айтып өттү. Иш чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдү  эне тилин, кыргыз тилин сүйүүгө чакыруу. Иш чаранын жүрүшүндө  жаш  өспүрүмдөр ырдашып, бийлешип келген конокторго  жагымдуу  маанай  тартуулашты. Акырында мугалим менен окуучулар эне тил жөнүндө торт сап хор ыр айтышып жыйынтыкташты.

 05.03.2020      580       Кесиптик бирлик региондордо

“Карегимде мекен чеги”

“Карегимде мекен чеги”

“Мекенди коргоочулардын” күнүнө карата “Карегимде мекен чеги” аттуу иш чара болуп өттү. Бул иш чарага конок катары Лейлек районуна караштуу “Ооган согушунун ардагерлер” коомунун төрагасы Б.К.Масалиев, ооган согушунун ардагерлери Абдиназаров И.,Умаров А.,Толукбаев Ж., Рустамов Х.,Нишанов А. ошондой эле, Исфана шаарындагы 2021-аскердик бөлүгүнүн “Бөрү” атайын даярдалган отрядынын 3 өкүлү келип катышты. Аларды майрамы менен куттуктап, Т.Жапаров атындагы орто мектебинин чыгармачыл окуучулары концерттик программа тартуулашты. Окуучулардын жандуу үн менен аткарган патриоттук ырлары жүрөктөрдөн түнөк тапса, сахналык көрүнүш көзгө жаш алдырды. Келген коноктор окуучуларды Мекенди коргоого, эли жерин сүйүүгө чакырып өтүштү. Андан сырткары Абдиназаров И.К. агабыздын демөөрчүлүгү менен “Таншы комуз” кароо сынагы ушул иш-чаранын алкагында өткөрүлүп, катышуучулар акчалай белек менен сыйланышты. Дүйнөдө эч качан согуш болбосун, энелердин көз жашы төгүлбөсүн деген каалоо тилек менен иш-чара жыйынтыкталды.

 05.03.2020      641       Кесиптик бирлик региондордо

Манасым-менин мурасым

Манасым-менин мурасым

2020-жылдын 20-февралында Т.Жапаров атындагы орто мектебинде райондук денгээлде “Манасым-менин мурасым” деген темада Манас таануу интеллектуалдык таймашы окуучулар арасында болуп өттү. Таймашка Лейлек райондук боюнча 37 тайпа, Сүлүктү шаарынан 4 тайпа келип катышты. Иш чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын соц.адиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн кыиаткерлери катышып, таймаштын калыстар тобун атайын Бишкек шаарынан келген “Көйкашка” коомдук фондунун мүчөлөрү түзүштү. Таймаштын жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй орунга ээ болду. 1-орун Б.Набиев атындагы орто мектеби 2-орун О.Сапаров атындагы орто мектеби 3-орун “Достук”орто мектеби Ошондой эле, Токтогул , Ю.А Гагарин атындагы орто мектептери улуттук мектептер арасында областтык турга жолдомо алышты. Женген тайпалар баалуу сыймыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

 05.03.2020      3159       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал –Абад областындагы Көк-Жаңгак шаарында “23-февраль Ата Мекенди коргоо” күнүнө карата жана 22-февраль “Ак кар” майрамында өткөрүлгөн иш- чаралар боюнча кыскача

Жалал –Абад областындагы Көк-Жаңгак шаарында “23-февраль Ата Мекенди коргоо” күнүнө карата жана 22-февраль “Ак кар” майрамында өткөрүлгөн  иш- чаралар боюнча кыскача

“Ден соолуктун азыгы-спорт менен машыгуу”- деген темада 21-февраль  күнү шаардагы №1   М. В. Фрунзе, №2 А. С. Макаренко №3 Т. Сатылганов, №4 Ю. А. Гагарин, №6 М. В. Ломоносов атындагы мектептер  арасында 9-10-11-класстарынын окуучулары арасында  “Илбирс” атындагы №52870 аскердик бөлүгунө барышып, ал жерден аскердик жашоо менен таанышып, ичиндеги даярдыктар боюнча көрүшүп,  андан соң  спорттук мелдеш  болуп өттү. Анда  мектептер арасында аркан тартыш, автоматты ыкчам чачуу жана жыйноо, жарадар жаранга жардам көрсөтүү жана эстафеталык оюндардын түрлөрү болуп өттү. Окуучулар жогорудагы оюндарга активдүү катышышып, өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында шаардагы мектептер арасынан   1-орунга №2 А. С. Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучуларынан тузүлгөн “Жалын” командасы ээ болуп кубок жана грамоталар менен сыйланышты. Ал эми   2-орунга №6 Ломоносов атындагы орто мектеп, 3-орунга №4 Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин окуучулары ээ болушуп, грамоталар менен сыйланышты. 

 05.03.2020      590       Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин ХХХIV отчёттук-шайлоо конференциясы 20-февралда өттү

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин ХХХIV отчёттук-шайлоо конференциясы 20-февралда өттү

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин ХХХIV отчёттук-шайлоо конференциясы 20-февралда уюштурулду. Аталган конференцияга университеттин факультет, колледждеринен, стурктураларынан атайын шайланган 228 делегат катышышты. ХХХIV отчёттук-шайлоо конференциясында ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абдижапар Аккуловдун 2014-2019-жылдар аралыгында профсоюз уюмунун жүргүзгөн иштери боюнча доклады угулду. Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына шайлоо өттү. Шайлоого 5 талапкер катышып, жыйынтыгында 2-турдун жыйынтыгы менен факультеттер аралык дене тарбия №2 кафедрасынын башчысы Абсамат Саттаров ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы болуп шайланды.

 05.03.2020      423       Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун профсоюз уюмунун жыйналышы

ОшМУнун профсоюз уюмунун жыйналышы

ОшМУнун бириккен профкомунун Президиумунун курамын бекитүү; ОшМУнун факультеттеринин, коллеждеринин, лицейлеринин  жана  АХЧнын профбюролорунун төрагаларынын, төрайымдарынын жылдык иш планын бекитүү; ОшМУнун факультеттеринин, коллеждеринин, лицейлеринин кызматкерлерин жана студенттерди,  АХЧнын кызматкерлерин профсоюздукка  мүчөлүккө  кабыл алуунун  абалы; Ар түрдүү маселел:                     

 05.03.2020      640       Кесиптик бирлик региондордо

Улуу Жеңиштин 75 – жылдыгына арналган “Жеңиш жылдызы”- элдик бий, “Биз эскеребиз”- сүрөт, “Улар үнү”-ыр сынактары өткөрүлдү

Улуу Жеңиштин 75 – жылдыгына арналган  “Жеңиш жылдызы”- элдик бий, “Биз эскеребиз”- сүрөт,   “Улар үнү”-ыр  сынактары өткөрүлдү

2020-жылдын 25-февраль күну Майлуу-Суу шаарынын орто мектептердин окуучуларынын арасында, жогоруда аталган сынактар өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр болуп Ю.А.Гагарин атындагы №4-гимназия мектебинин, Ч.Айтматов атындагы №1 жана ,№2, №5, №8-жалпы орто билим берүүчү мектептеринин окуучулары табылды. Сынактын жеңүүчүлөрүнө атайын 1,2,3 даражадагы Дипломдор профсоюз комитети тарабынан даярдатылып берилди. Окучуларды жогору деңгээлде даярдаган мугалимдерди белгилеп, аларга профсоюздук комитети тарабынан алкыш жарыяланып баалуу белектер тапшырылды, андан тышкары өткөрүүчү залдын жасалгаласына көмөк көрсөттү. Комиссия тобу, сынактын аягында өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин жалпы катышуучуларга арнады.

 05.03.2020      492       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим беүүрүчү орто мектебининде Мекенди коргоо күнүнө каратта иш-чаралар өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим беүүрүчү орто мектебининде Мекенди коргоо күнүнө каратта иш-чаралар өткөрүлдү

№3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим беүүрүчү орто мектебининде Мекенди коргоо күнүнө каратта иш-чаралар өткөрүлүп 5а-5б-6-7а-7б- класстар аралык таймаш уюштурулду.Тамаштын максаты окуучуларды патриоттуулукка,эли-жерин суйүүгө,убадага бек туруугу,намыстуу болууга тарбиялоо.Бул таймашта 5а- класс 1-орун ,5б- класс 2-орун, 6-класс 3-орунду ээлешти . Таймаштын жүрүшүндө мектеп директору жана калыстар тобу катышып баалашты. 1-орунга татыктууларды грамота ал эми,2-3-орунга сыйлыктар тапшырылды. 5а- класстын класс жетекчиси Молдалиева Г.Ж ,5б- класстын класс жетекчиси Султаналы кызы Э.6-класстын класс жетекчиси Арстанкулова А эжекелерибизге калыстар тобунан ыраазычылыктар айтылды. Окуучулардын таймашы мекен жөнүндө ыр жана аскердик марш, бийлер менен коштолду.

 05.03.2020      641       Кесиптик бирлик региондордо

«Менда өсүп толоормун, мекен сакчы боломун»

«Менда өсүп толоормун,  мекен сакчы боломун»

21-февраль күнү 23-февралга карата Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагына караштуу “Балажан-Олагыш ” балдар бакчасында Исмаилова Айчүрөк «Ак шоола» орто тайпасынын балдары менен биргеликте «Менда өсүп толоормун мекен сакчы боломун»- деген темада иш чара өткөрдү. Иш чарага Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сарымсаков, Рай БББ жетектөөчү адиси Г.Кадырова, С.Айдарова жана тарбиячылардын, ата-энелердин, жаш балдардын катышуусунда өттү. Иш чара жеткинчек жаш балдарды мекенди сүйүүгө, мекенди коргоого үйрөтүү максатында өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө концерттик программа да болуп, Билим жана илим кызматкеринин профсоюзунун төрагасы А.Момошов, тарабынан иш чара жогорку деӊгээлде өткөнүн айтып белектери менен сыйлады.

 28.02.2020      489       Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук кайра шайлоо болуп жаӊы төрайым шайланды

Отчеттук кайра шайлоо болуп жаӊы төрайым шайланды

2020-жылдын 25-февралында Аксы районундагы №18 Арча-Бешик атындагы мектепке чейинки балдар бакчасында отчеттук кайра шайлоо болуп өттү. Отчеттук кайра шайлоодо бир жылдык  жасаган иштерин №18 Арча-Бешик атындагы  профсоюз уюмунун  төрайымы Тилешова Жамийла  өз сөзүндө профсоюз мүчөлөрүнө берилген жардамдарды, коопсуздук эрежелерине сакталышына тийгизген таасирине, бала бакчада иштеген жумушчулардын жумушта жакшы шаарт түзүлгөндүгүнө  жана аларга от жаккычтарга  күн сайын 200 грамм сүт берилип турарына, жайкы эс алуу жогорку денгээлде уюштурулганын жана ошондой эле 2 жылдан бери райондук профсоюз уюштурган мелдеште 1-оорунду алып келип жатканын демөөрчүлөр менен профсоюздан  берилген акча каражаттын сарамжалдуу колдонгондугун өз доклатында кенен белгилеп кетти. Чогулуштун жүрүшүндө жакшы деген баага колго салынып бир добуштан колдого алынды. Андан кийин текшерүү комиссиясынын төрайымы Жуманазарова Манзура алгылууктуу иш жүрүп жаткандыгын белгилеп өз баяндамасында бардык суроолорго жооп берип канаттандырарлык деген баага татыды. Билим берүү, илим кызматкерлеринин Аксы райондук комитетинин төрагасы Камчыбеков Сагын сөз сүйлөп  аткарылган иштерге токтолуп профсоюздун иштерине кемчилик менен жетишкендиктерди айтып кошумча кенен түшүндүрмө  берип, суроо жоопторго жооп берип кетти. Тилешова Жамийланын ушул бала бакчага директор болуп кеткендигин эске салып комитет мүчөлүгүнөн чыгарып башка профсоюз башчысын шайлоого кимден кандай сунуш пикирин сурады, коллектив бир добуштан Шадыбекова Буйзакраны көрсөтүшүп жаӊы төрайымды шайлап алышты. Жаӊы төрайымга жаны күч кубат каалашып бала бакчанын өнүп  өсүүсүнө салымын кошоруна ишенишип жакшы тилек менен калоолор айтылды.

 28.02.2020      448       Кесиптик бирлик региондордо